Дарыгер: "Ырчы Омарга "туруксуз стенокардия" деген диагноз коюлду"

Талас облустук ооруканасына жаткырылган Омарга "туруксуз стенокардия" (жүрөк оорусунун бир түрү, жүрөктүн булчуңундагы кан айлануунун бузулушунан пайда болот, оору өтүшүп кеткенде адам инфарктка жетиши мүмкүн) деген диагноз коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда аталган оорукананын башчысы Шаршенбек Жумашалиев SUPER.KG порталына билдирди.
Дарыгердин айтымында, Омардын абалы азыркы тапта жакшы. Ооруканадан качан чыгарылары белгисиз.
Кечээ, 28-июль күнү Талас райондук соту ырчы Омардын баш коргоо чарасын карап, соттун чечиминин негизинде ал бир айга камакка алынган. Чечим чыкканда ырчынын ден соолугу начарлап, “Тез жардам” кызматы аркылуу Талас облустук ооруканасына жеткирилген.
Айта кетсек, ырчы Омар 27-июль күнү кармалган. Ал “Нуржанбек Токтогулов аттуу таанышы менен бирге ишкерден 40 тонна төө буурчак алып, акчасын беришкен эмес” деп айыпталууда.


Эч бир жери оорубаса же башына сыноолор келбесе,"Кудайым эмне мени унуттуңбу"деп илгери бир аалым ыйлаган экен.Жараткан сүйгөн пендесин ар кандай сыноолор менен сынайт тура.Сен жөнүндө бир дагы адамдын кыпындай арам ою жок экенин баарыбыз билебиз.Эр жигиттин башына нелер келип,не кетпейт.Сага келген бул иштин арты сага чоң жакшылык алып келет деп ишен.Сен мен билген эр жүрөк Манастын туку
Бул маалымат жалган:
http://www.super.kg/kabar/news/120079/
Аллах баарын коруучу, билуучу жана оз оордуна коюучу. Оз козум менен коруп, колум менен кармабагандан кийин куноолу же куноосуз дештен алысмын
«Мындай жалган маалыматты таратып, тирүү адамдын бейишин тилеп, өзүн пиар кылуунун кажети бар беле? Ким ушундай такталбаган орчундуу маалыматты таркаткан болсо, ал да өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берчү күн келет» деп жазды.
Көрсө, соцтармактардын биринин колдонуучусу өздүк баракчасына Омардын сүрөтүнө «ОМАР КАЗА БОЛДУ ЖАТКАН ЖЕРИҢ ЖАЙЛУУ БОЛСУН Жалган жашоо алып тынды акыры ошол сабаган милицияларын жоопко тартыуу керек, Омар байке жайыңыз жанаттан болсун» деп жазган.Жалган маалымат тараткан жана бирөөнүн абийирине шек келтирген акылсыздарды тийиштүү органдар таап жазасын берет деген ойдобуз жана талап кылабыз. Кабарчы Ринат Мамбетов