super.kg logo

Орусияда "Танк биатлону" жарышында кыргыз мамлекетинин танкы суудан өтүп баратып өчүп калды

 
1-августта Орусиянын Алабино кыштагында "Танк биатлону" мелдеши башталды. Ага Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 4 танкалык экипажы катышып жатканын бүгүн, 4-августта Коргоо министрлиги билдирди. Аталган жарышка быйыл 13 мамлекет чыкты, алар: Орусия, Ангола, Армения, Венесуэла, Индия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Кытай, Кувейт, Монголия, Никарагуа, Сербия жана Тажикстан.

"Танк биатлону" жарышынын биринчи этабы – жыйынтыгында ар бир экипаждын рейтинги аныктала турган жекече жарыш. Экинчи этап – мелдештин мыкты командасын аныктай турган эстафета. Мында экипаж эксперттер менен көрүүчүлөргө ылдамдыкты эле эмес, ар түрдүү тоскоолдуктарды жарып өтүү чеберчилигин көрсөтүштү. Мелдешке катышкан танктар түрдүү түстө, чүчү кулак боюнча кыргыз өлкөсүнүн танктарына кызыл түс тийген. 

"Биздин 1-экипаж трассага 3-августта чыкты. Жүрүштүн алгачкы башталышы дээрлик эң мыкты башталган, бирок кечмеликтен өтүү учурунда биздин танк кокусунан өчүп калып, техниканын алмаштырылышын күтүүгө туура келди. Натыйжада мекендештерибизде убакыттан уттуруу коркунучу пайда болду. Бүгүнкү күндө мелдештин турнирдик түзүмүн Казакстандын, Орусиянын жана Армениянын экипаждары баштап турушат, анткени алар мелдештин биринчи күнүндө эле өздөрүнүн жылдыздарын жеңип алышкан. Кезекте биздин экинчи экипаждын жүрүшү сыналат, алардын аракетинен биздин топтун жарым финалга чыгуусу көз каранды болуп турат. Биринчи жүрүштөгү танк сынагынын кокустан токтоп калуусу биздин экипаждын күжүрмөн маанайын буза албайт деп терең ишеничтебиз",- деп билдирди министрлик.  

Жеке жарыштын жеңүүчүлөрү бардык 36 экипаж чыгып бүткөндөн кийин 6-августта аныкталары айтылды.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(34)
04.08.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
тооба жакшына даярданып чыкпайбы уят эле
04.08.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Без комментарии!!!
bishkek.kg түзөттү 2015-08-04 18:47:13
04.08.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Уят болбогон ушул танк эле калды эле...куурап эле буттукко! Чек арабыз кундо уруш талаш,мекенди коргой турган жарандар кара курсак учун тентип журушот,светибиз озубуздон чыкса да башкалардан сатып алабыз,газ болсо 1долларга сатылып эми озбектерге коз карандыбыз,сууну шаркыратып сатып сол чонтокко уруп атышат,жегенибиз эшек эти болду,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: