super.kg logo

“Х-Фактор” долбоорунун катышуучусу Жунусали Сайдинов уюштуруучулардын айынан денесинен күйүк алганын айтты

 
“Х-Фактор” долбоорунун катышуучусу Жунусали Сайдинов.
Долбоордун уюштуруучусу Мирлан Муратов.

Бүгүн, 18-август күнү SUPER.KG порталына Кыргызстандагы “Х-Фактор” долбоорунун катышуучусу Жунусали Сайдинов кайрылып, долбоордун уюштуруучуларына нааразы экенин билдирди.

Долбоор кыргыз жеринде биринчи жолу болуп жаткандыктан, кызыгуум артып, 1-туруна катышкам. Кийинки тур үстүбүздөгү жылдын 2-февралында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында болду. Анда мен бир-эки трюк менен кошо бензин чачып өзүмдү өрттөгөм. Долбоордун уюштуруучусу Мирлан Муратов өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып коймок, бирок ал чакырбаптыр. Трюк учурунда өрттү өчүрө албай калып, түтүнгө ууланып, денем жана аталган театрдын полу күйгөн. Мындан улам Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун күйүк бөлүмүндө 1 ай, үйдө 4 ай жаттым. Бул учурда долбоордун уюштуруучуларынын бири да келип сураган жок”,- дейт катышуучу.

Ошондой эле ал: “Мирлан Муратов “балдар аңдып жүрүшөт, окуя тууралуу эч кимге ооз ачпа” деп коркутуп, театрга келтирилген чыгым үчүн 85 миң сом сурады. Бирок менде андай суммада акча жок болгондуктан, берүүдөн баш тарттым. Мунун себебинен кийинки турга өткөрбөй койду. Негизи, бардык нерсеге уюштуруучулар жооп бериши керек эле. Мирландын суранычынан улам бул боюнча эч кимге айтпай келгем”,- деди.

Бул боюнча долбоордун уюштуруучусу Мирлан Муратовго кайрылганыбызда, Жунусали Сайдиновдун айыптоолору негизсиз экенин айтты.

Жунусали Сайдинов репетицияларга бир да жолу келген эмес. Ал мага “колумду эле күйгүзөм” деп айткан. Бирок сахнада денесинин баарына бензин чачып өрттөп жиберди. Ошол учурда эки өрт өчүрүүчү болгон. Алар болбогондо сахна толук күйүп кетмек. Жунусали мырзадан 85 миң сом сураган эмесмин. Далили болсо көрсөтсүн. Ал эми анын кийинки турга өтүшүн мен чечпейм. Калыстар тобу деген бар. Алар өткөрбөгөн адамды мен кантип өткөрөм? Катышуучу менен уюштуруучунун ортосунда келишим болот, анда “баарына өзүм жооп берем” деген пункту бар”,- деди Мирлан Муратов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(38)
18.08.2015. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Уят! Акырында келишимде ушундай болгон деп ! Курук чыгып кеттуу болбойт!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: