Депутаттарга 2 миллион 682 миң сомго сатылып алынуучу 120 кресло социалдык түйүндөрдө кызуу талкууга алынып, флешмоб башталды









Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы VI чакырылыштын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алууга камынууда. 120 орундук сатып алууга тендер жарыяланып, креслолор накта булгаарыдан жасалып, 120 килограммдан ашык салмакты көтөрө алышы керектиги көрсөтүлдү.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Сатылып алынуучу 120 кресло учурда социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жаратты.
Айрымдары: "Мен өзүмдүн отургучума ыраазымын, депутаттар, силерге эмне жакпайт?" дешсе, кээси "Менин отургучум канча турарын билбейм, бирок мен ыраазымын, аны алмаштырууга ашыга элекмин" деп жазышууда. Учурда бул эстафетаны колдоп чыккандардын саны арбыды. Ар ким өз отургучун сүрөткө тартып, социалдык баракчасына жүктөөдө.
VI чакырылыштагы депутаттардын катарына кирген Жанар Акаев да өз пикирин жазып чыкты. "Пресс-катчы кезде деле креслосун бурчка түртүп коюп, жөнөкөй эле отургучта отурчумун. Мага 22 миң сомдук кресло албай эле койгулачы! Олигархтар кааласа 1 миллион сомдук креслону өз акчасына сатып алып коюп алышсын",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Чынеле уяты жоктор экен, просто акча ысрап болуп жатат...
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
Ачууга алдырып этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
Коомдук этиканы сактаңыз.
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Коомдук этиканы сактаңыз.
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.