super.kg logo

№50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн ИИМ 1 миллион сом сыйлык жарыялады

 
№50-абактан качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн ИИМ 1 миллион сом сыйлык жарыялады. Бул тууралуу ички иштер министри М.Турганбаевдин сөзүнө шилтеме берип мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер качып кетүүгө аракет жасаган. Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан 5 кылмышкер колго түшүрүлгөн, дагы 3 кылмышкер изделип жатат. Кылмышкерлер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп чыгып кетишкен. Алардын колунан 3 кызматкер жан берсе, бири оор жаракат алган.
Абактан качкан кылмышкерлерди издөө иштери өткөн аптада Дордой, Эне-Сай конуштарында жүргүзүлгөн. Алардын бири Данияр Кадыралиев 16-октябрда түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн.
Изделип жаткан кылмышкерлер:

Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Абдрахманов Эдил Алимжанович 1986-жылы Чүй облусунун Көк-Жар айылында туулган. Улуту -кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес. Бою 160-165 сантиметр, көзү кара, чачы кара. Бир көзү жабыркаган. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Мусуралиев Азамат Мамасеитович 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулган. Улуту - кыргыз. Буга чейин соттолгон эмес, үйлөнгөн. Бою 170-175 сантиметр. Дене түзүлүшү арык, көзү кара, чачы кара. "Жайшүл-Махди" тыюу салынган партиясынын активдүү мүчөсү.

Эгер бул адамдар жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуздар, төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот:

ИИМдин ишеним телефону - (0312) 26-60-27, нөөмөт бөлүмү - (0312) 66-23-31, 26-60-66, ИИМдин Кылмышкерлерди издөө боюнча башкы башкармалыгы (0555) 32-00-22, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы (0702) 90-50-39, 10-Башкы башкармалык (0555) 70-95-78, ИИМдин басма сөз кызматы - (0558) 20-21-02.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(40)
19.10.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми бир миллионго отуштубу эмнеси болсо да табылсын эч Ушул жонундо кабар жазбайт калдыныздар го
19.10.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бир миллион ? Жалпы эл,жабылып издейт го эми)). Кантсе да,башкаларга залакасы тийбей,тезираак табылсын.
19.10.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кайдагы 1миллионду беришет эле 300минди бербедиго.
19.10.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
aitowa11, кидало кылдыго. бизге чалган жок, тигиге биринчи чалды деп.
19.10.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
aitowa11, миллиону курсун, кеткен единицаңды төлөп берсе жакшы.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: