Түрмөдөн качкан Итибаев менен Абдрахманов түнү бою изделип, азырынча кармала элек
№50-түзөтүү колониясынан качып, учурда боштондукта жүргөн Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов түнү бою изделишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.




Автор: Нургазы Аматов
Маалым болгондой, аталган кылмышкерлердин кайда жүргөнү боюнча тургундар тарабынан көп маалыматтар түшүп жатат. "Мындан тышкары күч түзүмдөрүнүн ыкчам маалыматтарына ылайык, аймактарда тинтүүлөр жүргүзүлүүдө. Азырынча Итибаев менен Абдрахманов кармала элек",- дешти мекемеден.


Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кетишкен. Алардын бешөөсү ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.


16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. Ал эми кечээ, 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тарапта жок кылынган. Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов акыркы эки күндүн ичинде түрмөдө каза болушту.


Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(40)
bolotbai3

21.10.2015. 11:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ээй мент солдат полдаттар атбай олтурбой эле кармагылачы.Атканды баары эле билет.Кызмат кылган жеринерде рукопашный бой менен прогип срогип кылып озунорду коргош боюнча уйрондунор беле?Кайдакы куралы жок адамдарды атасынар.Атбай кармагылачы бир мастер классты корсотуп.
1 | 2 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.