Жаза аткаруу кызматы: "Түрмөдөн качып баратканда кармалган эки кылмышкер учурда тирүү"


№50-түзөтүү колониясынан качып баратканда кармалган Болот Курбанахунов жана Музаффар Уринов учурда тирүү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты.
Мекемеден билдиришкендей, бүгүнкү күндө Курбанахунов жана Уринов №50-абакта отурушат. Ал эми изделип жаткан Эдил Абдрахманов менен Алтынбек Итибаев кармала элек.


Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кетишкен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.


16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. Ал эми 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган. Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев бир сутка ичинде түрмөдө каза болушкан.



Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Алардын балдары чыркырап жетим калды, үй-бүлөлөрү сыздап калды, аларды ойлошбойбу!