super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз спортчусу Дастан Лепшаков бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугун утуп алды

 

Бүгүн,  25-октябрда Финляндиянын Иматра шаарында бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Мелдешке 16 мамлекеттен 61 спортчу катышып, жеңүүчүнү аныкташты. 

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, финалдык беттеште кыргыз спортчусу Дастан Лепшаков менен Беларусь Республикасынын өкүлү Евгений Салтовский беттешти. Беттештин башында эле кыргыз спортчусу эсеп катыштыгында алдыга чыкты. Е.Салтовскийдин эсепти кыскартуу аракеттери андан ары татаалдаша берди. Кызыгы, жыйынтыктоочу 3 партия 8:0 эсебинде кыргыз спортчусунун пайдасына чечилди. Жыйынтыгында финалда 7:1 эсеби катталып (8:2, 4:8, 8:4, 8:0, 8:7, 8:0, 8:0, 8:0), Дастан Дүйнө чемпиону аталды. 

Д.Лепшаков мелдештин алгачкы күнүндө орусиялык Никита Володинди утуп (7:4), 1/16 финалга жолдомо алган. Андан соң ал Беларустун өкүлү Святослав Семёновду (7:5 эсебинде) жана молдовалык Сергей Крыжановскини (7:6) утуп, чейрек финалга чыккан. Чейрек финалда кыргыз спортчусу украиналык Павел Родионовду утса (7:6), жарым финалда ага Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, орусиялык Никита Ливада утулуп калды (7:1).

Кошумчалай кетсек, бул мелдеште кыргыз желеги астында чыккан дагы бир спортчу К.Сагынбаев 9-орунду ээледи.






Бильярд: Салтовский-Лепшаков (25.10.2015)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(31)
25.10.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Охо куттуктайбыз. Ар дайым Кыргызстандын желегин желбиретип журо бер!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: