Эстакадалык көпүрө курулуп бүттү, бүгүн сыноодон өтөт



Ош шаарында эстакадалык көпүрө курулуп бүттү. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей бүгүн, 27-октябрда саат 17:00дө көпүрө сыноодон өтөт. Сыноо иш-чарасы учурунда оор жүк ташуучу унаалар көпүрө үстүнө токтотулуп, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев көпүрөнүн астына түшүп турат. "Шаар мэри журналисттер менен жолугушууда көпүрө сапаттуу курулгандыгына кепилдик берип, аны далилдөө максатында өзү көпүрөнүн астына түшүп турарын айтты",- деди мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү.
Ал эми 28-октябрда көпүрөнүн расмий ачылышы болот, ага президент Алмазбек Атамбаев катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
3

Мырзакматов баштаганы чындык. Президентке тен келе турган адам эле, атаандашын алыстатып салды.
Бирок Мырзакматовду эл билет кандай иштеген экенин. Оштук болбосом да , кабарлардан окуп турам .
Кадырбаев жаңы курулуп
бүткөн көпүрөнү сыноо
учурунда үстүнөн оор жүк
ташуучу унаалар өткөн
көпүрөнүн алдында турат. Бул
тууралуу Ош шаарынын вице-
мэри Жапар Ормонов
билдирди. Маалымдалгандай,
калаа башчысы көпүрөнүн
сапаты начар деген
тургундарды ишендирүү
Ал копуро оор жук ташуучу машинага курулган эмес го ? Оор жук ташуучу машина отсо дагы сынып калбайт экенин коргонбуз.