super.kg logo

№50-СИЗОдо каза болгон Фархат Орозбек уулунун бир туугандары президенттен жардам сурап Ак үй алдына митингге чыгышты (фото)

 

Бүгүн, 29-октябрда түштөн кийин №50-СИЗОдо каза болгон Фархат Орозбек уулунун бир туугандары президент Алмазбек Атамбаевден жардам сурап Ак үй алдына митингге чыгышты. Алар абакта кызмат өтөп жатып каза болгон бир тууганы Фархатка "Баатыр" наамын берүүнү өтүнүшүүдө. Ошондой эле материалдык жактан да жардам көрсөтүүнү суранышууда.

Анын бир тууган агасы Максат Өмүровдун айтымында, инисинин 5 айлык наристеси калган. "Инимдин келинчеги менен 5 айлык наристеси калган, эми аларды багыш керек да. Ошондуктан президенттен материалдык жардам берүүнү суранып жатабыз, себеби ал кызмат учурунда кылмышкерлердин огунан каза болду. Ошондой эле "Баатыр" наамын берүүнү талап кылабыз",- деди Өмүров.

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(35)
29.10.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ушул кантип болсун баатыр наамын берсин деп.Ал ошонун иши,милдети,ант берген иштеймин деп.
29.10.2015. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Туура айтасын. Материалдык жактан жардам берсе болот,бирок баатыр наамы болбойтко.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: