super.kg logo

Таласта мектеп бүтүрүүчүлөрү 10 жылдык кечени өткөрүүнүн ордуна 7 балалуу жалгыз бой энеге үй куруп беришти (фото)

 

Таластын Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылындагы Ж.Тойчубеков атындагы мектепти 2003-жылы бүтүргөндөр (1985-жылкылар) кече өткөрүүнүн ордуна 7 балалуу жалгыз бой энеге 4 бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын тургундары билдиришти.


Алардын айтымдарында, жергиликтүү мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр акча чогултуп, ал каражатка 7 баланы жалгыз тарбиялаган Гүлбара Курманалиевага үй куруп берүүнү чечишкен.

"Бүтүрүүчүлөрдүн бири Нуркан Сооронбаевдин айтымында, бүтүрүүчүлөр 10 жылдыкты белгилөө боюнча идеяларды талкуулоодо жалгыз бой энеге үй куруп берүү чечими кабыл алынган. Классташтар көптөгөн жакшы нерселерди жасаганга үлгүрбөй каза болуп калган Кабылбек Медетбеков аттуу молдонун үй-бүлөсүнө үй куруп берүүнү колдошкон. Анын алты кызы жана кичинекей бир эркек баласы калган. Жубайынын үй курууга мүмкүнчүлүгү жок. Ал эми эски үйү урайын деп калган.

Жалпысынан 20 бүтүрүүчү чогулган. Ал эми чет мамлекетте жашап жаткан бүтүрүүчүлөр акча салып жиберишкен. Үйдү жергиликтүү тургундар жана бүтүрүүчүлөр өздөрүнүн күчү менен бир жыл ичинде курушту. Үй 4 бөлмөлүү. Жаңы үйдүн ачкычын тапшырууда Г.Курманалиева ыраазычылыгын билдирди.

Бүтүрүүчүлөрдүн айтымдарында, үйдүн курулуш материалдарынан тышкары кошумча дагы 300 миң сом жумшалган",- дешет айылдын тургундары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(36)
09.11.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аллах ыраазы болсун! Эн сонун жанылык.
09.11.2015. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Allah yraazy bolsun! Chon soop ish!. Allahim da silerden jardamyn ayabasyn
09.11.2015. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ой азаматар,болот экенго ушундай жанылыктарда.
09.11.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эн сонун! Башкаларга да улгу. Азаматсынар!
09.11.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эң соонун жумуш кылыпсыңар жакшы жака жумшапсынар
09.11.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай гана керемет инсандар, Аллах ыраазы болсун!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: