super.kg logo
  Саясат  

Владимир Путин: "Терроризм менен күрөшүү үчүн баарына даярбыз"

 

Орусия президенти Владимир Путин немис басылмаларынын бирине маек берүүдө "2007-жылга чейинки жаш, америкалыктарга тилектеш Путин жана 2007-жылдан кийинки башка Путин деген теория жашайт. Мурунку Путинди качан көрүшүбүз мүмкүн?" деген суроого: "Мен эч качан өзгөргөн жокмун. Өзүмдү бүгүнкү күндө деле жаш сезем",- деген жооп узатты. Орусия президенти АКШ менен Орусиянын мамилеси тууралуу буларга токтолду:

"Ооба, 11-сентябрда АКШдагы терактта президент Бушка биринчилерден болуп телефон чалып тилектештик билдиргем. Терроризм менен биргелешип күрөшүү үчүн баарына даярбыз. Парижде теракт болгондо да Франциянын президенти менен сүйлөшүп, андан кийин жолугушкам. Биздин жалпы коркунучубуз бар, бүгүнкү күндө Европада, дегеле дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин күчүн бириктирип ага каршы күрөшүү аракеттери жүрүп жатат.

Бул - терроризм эле эмес, кылмыштуулук, адам сатуу, айлана-чөйрөнү коргоо күрөшү жана башкалар. Бирок бул аталган маселелердин баарында Орусия калгандарына макул болушу керек дегенди билдирбейт. Эгерде биздин позициябыз кимдир бирөөлөргө жакпаса, анда бизди душман катары жарыялоо жакшы көрүнүш эмес. Кээде бирөөнү уга билүү, абдан ойлонуп, айрымдарына көнүп, жалпы чечим издөө керек болот. Нью-Йоркто БУУнун 70 жылдыгында мен дал ушул маселени айттым".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: