super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт бийик тоолуу аймактарга каралган жеңилдиктерди жоюу аракетин токтотту

 

Өкмөт "Бийик тоолуу аймактарда жашагандар үчүн мамлекеттик кепилдик жана компенсациялар жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү аракетин токтотту. Премьер-министр Темир Сариев аталган мыйзам долбоору бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашаган элге социалдык даректик колдоо көрсөтүүгө багытталганын белгилеп:

"Менимче, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда комплекстүү талдоону жетиштүү түрдө өткөргөн эмес. Өлкө үчүн зарыл эсептелген чаралар терең ойлонулуп, дыкат эсептөөлөргө негизделиши керек",- деп билдирди.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгууда министрлик аймактардын социалдык-экономикалык шарттарына байланышкан маселелерди эске албаганы айтылып, жыйынтыгында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине мыйзам долбоорун артка кайтарып, толуктап иштеп чыгууну тапшырды.

Белгилей кетсек, өкмөттүн тоолуу аймактарга каралган жеңилдиктерди жоюу аракети коомчулукта катуу сынга кабылган. Маселе жакында парламентте да каралып, депутаттар "кризис маалында элди кыйнай турган кадамдарды жасоодон абайлагыла" дешкен эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: