7-Апрель баатырлары күбөлүгүн өрттөп, орденин ыргытууга даярданышууда

Кээ бир 7-Апрель баатырлары күбөлүгүн өрттөп, орденин ыргытууга даярданышууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына “Айкөл Ала-Тоо” коомунун координатору, Апрель баатыры Каримжан Стамов билдирди. Анын айтымында, мындай кадам куудул Рахман Разыковдун баатырларга арналган ырына байланыштуу болууда.
“Күбөлүк өрттөп, орден ыргытууга кээ бир баатырлар даярданып жатканын уктум, бирок канча адам экенин айта албайм. Менин оюмча, Разыковдун ыры үчүн күбөлүк өрттөө - бул аша чапкандык. Ошол эле маалда Апрель баатырлары куудулдун ыры чын болсо уялып унчукпай калар беле, ким билет... Бирок Разыков аткарган интермедиясы үчүн кечиримди бизден эмес, элден сурап, катачылыгын моюнуна алышы керек”,- деди Стамов.
Ошондой эле Апрель баатырлары Рахман Разыковго жооп катары ыр жазышканын билдирип, анда "7-апрелде шейит кеткен 86 бала менен Ош окуяларын салыштырба" деген сыяктуу ойлор айтылганын айтты.

Тобо дейин олгон бала эмес тируу баландын суротун куйгузгонго дитин чыдабайт го...
Чыныгы баатыр мен баатырмын деп тош какпайт.Унчукпастан элин жерин коргойт.Разаков
Рахман Разыковдун ырын угуп орттобойле!! Маалыматтыда тактап бергилечи СУРАНЫЧ !! Интернеттен алып эже жуктой бербей!!!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Элди бир бирине кайраштырып атат. Бир нерсе чыкканы калды да бир болсо.
Дегендерди баатыр кылып ийдикпи?
Мекен учун жанын берген чыныгы-
Баатырлардын наамына ХХХ..?
Атажуртун кооруганды душмандан.
Баатыр дешет, азыр наам булганган.
Бийлик алган баатыр десен таарынат.
Угуп калса Манас Кошой Курманжан.
Баатыр деген куболугу жок болсо деле.акча алса паспорт менен ала берет да.