7-Апрель баатырлары күбөлүгүн өрттөп, орденин ыргытууга даярданышууда

Кээ бир 7-Апрель баатырлары күбөлүгүн өрттөп, орденин ыргытууга даярданышууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына “Айкөл Ала-Тоо” коомунун координатору, Апрель баатыры Каримжан Стамов билдирди. Анын айтымында, мындай кадам куудул Рахман Разыковдун баатырларга арналган ырына байланыштуу болууда.
“Күбөлүк өрттөп, орден ыргытууга кээ бир баатырлар даярданып жатканын уктум, бирок канча адам экенин айта албайм. Менин оюмча, Разыковдун ыры үчүн күбөлүк өрттөө - бул аша чапкандык. Ошол эле маалда Апрель баатырлары куудулдун ыры чын болсо уялып унчукпай калар беле, ким билет... Бирок Разыков аткарган интермедиясы үчүн кечиримди бизден эмес, элден сурап, катачылыгын моюнуна алышы керек”,- деди Стамов.
Ошондой эле Апрель баатырлары Рахман Разыковго жооп катары ыр жазышканын билдирип, анда "7-апрелде шейит кеткен 86 бала менен Ош окуяларын салыштырба" деген сыяктуу ойлор айтылганын айтты.

Базардагыдан баркы жеӊил салмагы
Баатыр болбой Ошто жанын бергендер
Ак үйдү алган баатырларын жайнады
Кайсы жоону жеӊгендигин билбеймин
Бүтпѳйт дале салтанаты, майрамы
Баатырга эл маани бербей анчейин
Эки адамдын бири баатыр кантейин
Баатырлардын урпактары мекендин
Басып кетти колун шилтеп канчейин
Баатыр экендигин бирге жүрүп билбеппиз
Базардагы бозо саткан акенин
Бай адамды баатырлыкка кѳргѳзүп
Бай болсо эле биз акылдуу деп сезип
Баардык нерсе азыр жатат сатылып
Баатыр даӊкы акча менен ѳлчѳнүп
Баатыр боло калса коён жүрѳктѳр
Бүт жүлүнүм, бүт жүрѳгүм ѳрттѳнѳт
Уга элекмин, кѳрѳ элекмин жүрѳгүн
Чолпонбайдай окко тоскон бүрѳѳнүн
Санмин деген баатырлардан ажалга
Лѳлүлѳрдѳй ѳз чатырын ѳрттѳшүп
Баатыр болуп жүргѳндѳргѳ күлѳмүн
Баатырлар бар үйдүн чаӊын сапырган
Баатырдыгы аша түшпѳс катындан
Баатыр барбай эл башына иш түшсѳ
Баатырмын деп аялына бакырган
Баатыр деген башты сайып эл үчүн
Бала кезден милдет болот катылган
Бирѳѳ баатыр, чыкпай жүрүп айылдан
Бирѳѳ баатыр, капыстан ок жаӊылган
Бирѳѳ жүрѳт баатырмын деп тѳш кагып
Бетин жуубай, чимкиригин агызган
Баатырлар деп балдарды айтам Оштогу
Башын сайып оттон ѳткѳн, жалындан.
Этика нормаларын сактаңыз!
Куболугун куйгузушсо куйгузсун.
Кагаз менен бир темирге ишенбей,
Баатыр болбой жон жай эле журушсун.
7-апрель баатырлары курман болду эле го,орден куболукторду кайсыл баатырлар ыргытып жатат тушунуксуз.Баатыр деген кармашта же согушта каза олот.Ракман аке ырын туура эле жазган.
дубана таарынса куржунуна зыян деп койобу
Кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөгө тыюу салынат.
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
Кыргыз эли озу баатыр. Анда жалпы олко боюнча агылып барып жардамын аяшкан эмес. Менин 89-жылкы иним жарым жыл ошол жакта жургон коргоп. Жон эле тош какканды койсон.