super.kg logo

7-Апрель баатырлары күбөлүгүн өрттөп, орденин ыргытууга даярданышууда

 

Кээ бир 7-Апрель баатырлары күбөлүгүн өрттөп, орденин ыргытууга даярданышууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына “Айкөл Ала-Тоо” коомунун координатору, Апрель баатыры Каримжан Стамов билдирди. Анын айтымында, мындай кадам куудул Рахман Разыковдун баатырларга арналган ырына байланыштуу болууда.

Күбөлүк өрттөп, орден ыргытууга кээ бир баатырлар даярданып жатканын уктум, бирок канча адам экенин айта албайм. Менин оюмча, Разыковдун ыры үчүн күбөлүк өрттөө - бул аша чапкандык. Ошол эле маалда Апрель баатырлары куудулдун ыры чын болсо уялып унчукпай калар беле, ким билет... Бирок Разыков аткарган интермедиясы үчүн кечиримди бизден эмес, элден сурап, катачылыгын моюнуна алышы керек”,- деди Стамов.

Ошондой эле Апрель баатырлары Рахман Разыковго жооп катары ыр жазышканын билдирип, анда "7-апрелде шейит кеткен 86 бала менен Ош окуяларын салыштырба" деген сыяктуу ойлор айтылганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(170)
12.02.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кайсы заманга баратабыз
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: