super.kg logo

Москвадагы метронун рельстерине кулаган аялды куткарууга кыргыз жигити жардамдашты

 
Кыргыз жараны Марат Исаев
Жардамга алгачкы болуп келген полиция кызматкери Артём Королюк
Юлия Валь
Юлия Валь ооруканада

Кыргыз Республикасынын жараны Москвадагы "Красносельская" метросунун станциясында рельстерге кулап кеткен аялды куткарууга жардамдашты. Бул тууралуу "Московский комсомолец" жазып чыкты.

Бул кырсык 11-февралда болгон. Поездди күтүп турган Юлия Валь талмасы кармап рельстерге кулап кеткен. Аны куткарууга полиция кызматкери менен бирге 28 жаштагы Марат Исаев да рельстерди көздөй түшкөн. Юлияны тургузушканы менен, поезд жакындап үчөөнүн тең жашоосуна коркунуч жараткан.

Марат Исаевдин айтымы боюнча, ал Москвадагы фирмалардын биринде курьер болуп иштейт. 11-февраль күнү жумушунан кайтып келе жатып перрондогу аялдын кулап түшкөнүн көргөн.

"Биринчилерден болуп жардамга полиция кызматкери түштү, бирок ал жалгыз жана ага оор болгондуктан, аркасынан мен да түштүм. Аны дароо эле алып чыга алган жокпуз, поезд жакындап келе жатты. Полиция кызматкери рельстердин арасына жатууга буйрук берди. Рельстер жогорку электр чыңалуусунда болгону кооптуу болду. Биз поезд токтогончо жылбай жаттык",- дейт Исаев.

Исаев көп адамдар жардам бергендин ордуна кырсыкты камерага тарткандарына таң калганын белгилеген.

Окуядан кийин Юлия Валь ооруканага жеткирилген. Ал эми полиция кызматкеринин сыйланарын полиция бөлүмүнөн кабарлашкан.






Кыргыз бала темир жолго кулап кеткен аялды куткарууга жардам берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(45)
13.02.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Азамат жигит экен. Мекендешибиздин ушундай эрдигин угуп суйунуп алдым. Ботон жерде жургон мекендештерибизден ушундай жакшы кабарларды гана уксак, зордуктап кетти, бычактап кетти тоноп кетти дегендин ордуна.
13.02.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Азамат эми буга да. Сыйлык беришсе.
13.02.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Азамат жигит экен!
kozunek. түзөттү 2016-02-13 21:05:15
13.02.2016. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Коруп коркуп кеттим. Азамат жигит экен. Эрктуу
13.02.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Азамат экен чон эрдик кылыптыр,жанагы озун патриот сезип алсыз кыздардан кучун чыгарган акмактар, андан коро ушул жигитке окшоп ботон жерде бир-биринди колдоп эрдик кылгыла.
13.02.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Телевидениден корсотту кыргыз бала жонундо айтышпай жататго
14.02.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nasyrkg,Ошо менда теледен кордум бирок кыргыз жигити дегенин укпагамда. Аллах сизден ыраазы болсун!
13.02.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кыргыздын эр журок жигити маскваданда эрдигин корсотуптур Азаматсын
13.02.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сыйлык эмес атын да айтпады. Может эми айтып калаар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: