super.kg logo

Тоң районунда 14 жаштагы кыз көпүрөдөн секирип, милиция кызматкери аны кармап калууга үлгүрдү (фото)

 
Өспүрүм кыз ушул көпүрөдөн секирген.
Өспүрүм кыздын өмүрүн сактап калган Шапак Таалайбеков.

Тоң районунда көпүрөдөн секирип өлүүгө аракеттенген кыздын өмүрүн милиция кызматкери сактап калды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 15-февраль күнү саат 09:30 чамасында болгон. Анда Тоң РИИБинин кызматкери Шапак Таалайбеков түнкү нөөмөттөн чыгып, унаасы менен келе жатып Төрт-Күл менен Бөкөнбаев айылдарынын ортосундагы көпүрөдө өспүрүм кыз жалгыз турганын көргөн. Кыз ага шектүү көрүнүп, унаасынан чыгып жанына жеткенче ал өзүн таштап жиберген, бирок милиционер аны кийиминен кармап калганга үлгүргөн. Өз өмүрүнө кол салууга аракеттенген кыз Төрт-Күл айылынын тургуну. Ал мындай жагымсыз жорукка өзүн жоготуп, эмне кылып жатканын билбей калгандыктан улам барганын айткан.

"Мен аны кармап калганга кантип үлгүргөнүмдү азыр да эстей албай жатам. Биз экөөбүз тең кулап кете жаздадык, көпүрөнүн бийиктиги 20-25 метрди түзөт. Мен кыздын кийиминен эки колдоп катуу кармап, өзүм кулап кетпөө үчүн бутум менен көпүрөнүн темирине таканчыктап турдум. Жардамга чакырайын десем эч ким көрүнбөйт. Өспүрүм кыз колумдан жулунуп, мага каршылык көрсөтүп жатты. Мен аны көпүрөнүн үстүнө чыгарууга аракеттенип жаттым, ал менден бошонууга жулунуп ыйлап жатты, экөөбүз ошентип бир топко алыштык. Бир аздан кийин ал сооронуп, мага каршылык көрсөтпөй калды, ошондо гана мен аны көпүрөнүн үстүнө тартып чыгарып алдым",- дейт кыздын өмүрүн сактап калган Таалайбеков.

Учурда милиция кызматкерлери өспүрүм эмнеден улам өз өмүрүнө кол салууга аракеттенгенин аныктап жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(39)
18.02.2016. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Азамат экен сыйлык бериш керек
18.02.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Мынаке накта баатыр милиция экен.Жогорку Кенештин сыйлыгы керек бул жигитке.Звание,акчалай сыйлык берип,конулун которгуло.Адамдар жеке турмуштан ушунча кыйналгандыктан ар кандай суицид,кылмышка барууда.Бул бийлик ойлоно турган маселе.
18.02.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Азаматсыз! Бул да болсо эрдик! мен жакшы кабарларды угуп кубандым. Адамдар бири-бирине жардам берип эле жүрө берсе экен!
18.02.2016. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Мамлекеттик кызматкерге сыйлык берүү керек!
18.02.2016. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
STAN_KG,Бул жигиттин эрдиги жерде калбаш керек.мамлекеттик сыйлык каралсын!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: