super.kg logo

Бишкекте ири компаниянын башчысы 16 жаштагы кызга үйлөнүп, мурунку аялын "өлтүрөм" деп коркутууда

 
Нарынбек Сариев (солдон биринчи бери карап турган) "Республика - Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутаттыкка талапкер болгон.

Бишкек шаарынын тургуну Анара Сариева өзүнүн жана балдарынын жашоосуна жолдошу, "Иска строй" курулуш компаниясынын директору Нарынбек Сариев коркунуч жаратып жатканын 1-мартта журналисттер менен жолугушууда жарыялады. Жабырлануучумун деген айым окуянын чоо-жайын минтип түшүндүрдү:

"Жолдошум менен 13 жылдан бери жашап келем. Көп жылдан бери мени ур-токмокко алып, тапанча менен коркутуп жүрсө да билдирбей, балдарым үчүн кечирип жашап келгем. 2015-жылы балдарымды баккан 16 жаштагы Айпери аттуу кызды ээн талаага алып барып зордуктаганы тууралуу маалыматты мага кыз өзү жана анын апасы Чолпон Асаналиева айтып берди. Бул боюнча кыздын апасы арыз менен милицияга кайрылган, бирок күйөөм кызга жана ата-энесине үй сатып берип, жардам кылган соң ишти жаап салышкан.

Азыркы күндө күйөөм ошол кыз менен жашап жатат. Мен Айперини бала багуучу кылып 2015-жылы алгам. Жашы жете элек болгондуктан, эжесинин документин көрсөтүп жумушка кирген экен. Бул окуядан кийин биздин үйүбүздө чыр-чатактар көп болуп, жолдошум мени балдарым менен үйдөн кууп чыккан. Өзүмө тийиштүү үйүм жок болгондуктан, ата-энемдин үйүндө үч балам менен жашап жаткам. Кийин күйөөм “Республика - Ата Журт” партиясынын атынан депутаттыкка талапкерлигин койгон. Ошол маалда үлгүлүү үй-бүлөнүн жүзүн көрсөтүү үчүн бизге кайра келе баштады. Мен балдар үчүн кайрадан аны менен жашап калгам. Талапкерлиги өтпөй калганда үйүбүздө чыр-чатактар чыгып, бизди кайрадан үйдөн кубалап салды.

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү бөлүү үчүн документтерди жолдошума берип, арыз да жазгам, бирок бир жылдан бери бул ишти карабай жатышат. Тескерисинче, мага карата коркутууларды көрсөтүп, менин үстүмдөн жолдошум "менден пара алды" деп арыз жазыптыр. Анын айтымында, параны алып жаткан маалда милиция кызматкерлери мени кармап, Октябрь РИИБине жеткиришкен. Ал жактан "мага тийиштүү мүлктөрдүн үлүшүнөн баш тартам" деген билдирүү кыл" деп айтышкан. Андан сырткары Октябрь РИИБинин Бектемирова деген кызматкери мени сабаганга чейин барган.

Мен мунун үстүнөн арыз жазып барбаган, кайрылбаган жерим калган жок. Нарынбек Сариевдин акчасы менен баары менин арызымды четке кагып жатышат. Ошол себептен мен мамлекет башчыбызга кайрылат элем. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сизден суранам, менин ишимди өз көзөмөлүңүзгө алып, мага жардам берип коюуңузду өтүнөм".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(42)
01.03.2016. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Темикенин иниси эмеспи?
01.03.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
куйонун башы иштебейт экен ушундайда кылабы
01.03.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bek_t_84,педофил экен , камаш керек.
01.03.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
сабыр сабыр аны убакыт озу даарылайт мындай кутургандар кобойду
02.03.2016. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shef87, сабыр деп журуп ушу кунго жетиптир
01.03.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
16 жаштагы кызды зордуктаса анда аны менен жашабай эле койгон онго
01.03.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beben,педофилерге өлүм жазасы киргизиш керек.
01.03.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушул дагы атабы уч баланы кочого айдап. Кочодо акча учун ##### бергенге уй алып берип балдарын кочого таштап, ХХХ! Ошондой экенсин балдарына уйду алып берип ошол 16жашарын менен жашабайсынбы.
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-03-01 17:50:16
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: