super.kg logo

"Патриотпуз" дегендер кыздарга тартылган видеону өчүрүп салуу үчүн мейманканага чогуу барып жатууну жана 50 миң рубль берүүнү сунушташкан

 

Февраль айынын ортосунда Орусиянын Москва шаарында эки кыргыз кызын "башка улуттун жигиттери менен кафеде жүрөсүңөр" деп кармап, суракка алган үч жигит колго түштү. ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү аларды Москва полициясына өткөрүп берди. "Патриотпуз" дегендер суракка алган кыздардын бири полицияга окуя тууралуу айтып берген. ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү тараткан видеодо кыздардын бири балдар аларды суракка алгандан кийин мейманканага бирге барууну талап кылышканы жана ага кошумча 50 миң рубль сурашканы айтылат. Окуя быйыл 14-февралда "Марьино" метросундагы "Ариана" кафесинде болгон.

Кыздардын бири: "Балдар мени аябай таарынтышты, себеби ал кафеден чыгып, таксиге баратсак, балдардын бири "Чоң кыз, сен өзүң жакшынакай эле кыз экенсиң. Кел, мен видеону өчүрөм, сен бизди мейманканага алып барып тейлейсиң, 50 миң рубль бересиң" деп айтты. Мен алар менен мейманканага барып жатышым керек экен",- деп айтат видеодо. Анын айтымында, "патриоттордун" бири аталган кафеде администратор болуп иштейт.

Кармалган балдардын бири сурак учурунда: "Мындан ары мындай иш кылбайм. Бүткүл кыргыз элинин алдында кечирим сурайм. Ал жерде патриот эмесмин, бул патриоттукка жатпайт",- деп жооп берген. Экинчиси кыргыз жигиттерин мындай ишке барбоого чакырды.

Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев SUPER.KG'ге "патриоттор" ИИМдин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү аркылуу изделип жатканын билдирген эле. Ошондой эле толук маалыматка ээ болуу үчүн эки кыз дагы изделип жатканын кошумчалаган.

"Патриотпуз" дегендерге кыздардын бири бетин видеого тартууга каршы чыкпай, кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылган. Талас облусунан болорун, эч кандай туура эмес жолдо эместигин айтып берген. Ал эми экинчиси жүзүн жашырган. Балдар кыздарды басынтып камерага тартышып, аларды ары-бери жулкулдатып кыйнашканын көрүүгө болот тасмадан.






Москвада өздөрүн "патриот" сезгендер кармалышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(58)
02.03.2016. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
жигиттер эже-карындаштарын кордоп жатса, башка улут коргомок беле? Эркектик намысынар кайда?
Кудайым баарыбызга ыйман берсин!
zhanka1234 түзөттү 2016-03-02 01:35:54
02.03.2016. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
эмнеге беттерин корсотпойт корсотуш керек эде булардында ата эне эже синди ака ука дегендей коруш керек эде кандай болот бироолорду интернетке чыгарган кыздарды канча видеого тартып чыгарышты энди кылбайбыздеп кечирим сураса эле чыгарбаш керек оздоруго жараша жазасын алыш керек
02.03.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nurbol4,туура
02.03.2016. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbol4,Эгер ушул нерсе чын болсо бээтин корсотот эле , ал видео до балдар южный акцент менен суйлошот а бул видео чисто кыргызча суйлоп жатат
02.03.2016. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asadulla,
Бул деле сиз айткан акцент мн суйлоп жатат го, просто коп билинбейт экен. " К " тамгасына басым жасап суйлоп жатат и суйлом байланыштарынан да билинип турат.
P.S Туура эмес тушунуп албагыла, эч кандай болунуу эмес. Региондордун ар башка диалекте суйлошкону, озгочолугу жана бул нерсе норма эле корунуш деп эсептейм
02.03.2016. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbol4,эде..энди деген создор кыргыз тилинде жок!!!
02.03.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ziya,сенде жок болсо менде бар
02.03.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм да
02.03.2016. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Андай патриоттор Кыргызстан да деле бар. Шантаж кылып интим кызмат сунуштагандар кыргыз кыздар унчукпай балдар тобого чыгып кетишти.
02.03.2016. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмнеге балдардын жуздору корунбойт буларды да эл корсун да акмактар
02.03.2016. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бөжүрөп кечирим сурабай кыйын экенсиңер,айтпайсыңарбы айтчуңарды,колуңардан келбегенден кийин жөн жүргүлө да.
02.03.2016. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми кыздар болбой калат экенда))))))
02.03.2016. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыздар оздорун акташ учун эле мына манкаларды жалдаганго ачык чындык болсо балдардын атын жазып бетин коргозгуло кыргыздын жигиттери мындай эле озун алдырбайтко.
Ар бирибизде ата ава ага ини бар ошолордуда унутпагыла "КЫЗДАР"
02.03.2016. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видео до азерлер менен кафеде олтурам тигил куйосу эжесин бетин тартырбай койбоду беле еми албетте озуну Акташ учун ар демке деп актайтда .анан минусту баскандаргада мага п силерде мнениянар озгочо кыздар
02.03.2016. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ кыздарга кудай бериптир эми чыгат жайылып эле
Модератор admin_portal түзөттү 2016-03-02 09:17:03
02.03.2016. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shef87 - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: