Бүгүндөн баштап Москвада ыктыярчы кыргыз балдар жумуштан кеч чыккан кыргыз кыздарын үйлөрүнө жеткирип турушат
Бүгүндөн баштап Москвада түзүлгөн "Кеменгер" уюмунун ыктыярчы кыргыз балдары жумуштан кеч чыккан кыргыз кыздарын үйлөрүнө жеткирип турушат. Бул тууралуу айтылган идеянын демилгечиси Адилет Чилдебаев SUPER.KG порталына бүгүн, 2-мартта билдирди.
Маалыматка ылайык, бул уюмду түзүүгө кыргыз кыздарын кордогон "патриоттордун" жоруктары түрткү болгон.
"Биздин уюм расмий түрдө катталган жок. Мүмкүнчүлүк болушунча жигиттерди ойготуп, кыз-келиндерди, эжелерибизди, карындаштарыбызды коргойлу деген максатта уюмду түздүк. "Жаңы муун" уюму менен чогуу бул ойду ишке ашыруу аракетин көрүп жатабыз. Буюрса, бүгүндөн баштап жигиттерибиз бизге кабар бергендерди тосуп алып, үйлөрүнө жеткирип турушат",- дейт Чилдебаев.
Ал эми уюмга келген ыктыярчылар тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Адамзаттын акыл-эси жаратылышынан негативдүү ойлорго жакын, ишенимдүү эмес, бирок мен чын дилимден ыктыярчылар жакшы ойлордон тайбагандар деп ишенем. Алардын да энелери, карындаштары, эжелери, аялдары, дос кыздары бар".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
12

Комментарийлер(41)
Omush94

02.03.2016. 21:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Жакшы идея экен бирок ошол кыздарды аман-эсен алып барышына келдик барбы? ал жагын ким козомолдойт?
Omush94 түзөттү 2016-03-02 21:29:16
tavanova.sarah

02.03.2016. 21:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Биз жака деле келгилечи? Менда саат 10 жумуштан чыгамын. Бир квартал жалгыз келемин "Кудай сактасын" деп артымды карабай.
STAN_KG

02.03.2016. 23:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
tavanova.sarah, Автомашинасы бар жаштар менен бирге техникага камера орнотуу аркылуу иштесеңер жана балдар менен кыздарды да ар бирине ыйгайлуу болгондой бир райондо жашаган мекендештерди өзүнүн аймагындагы жаштарга бөлүштүрсөңүздөр кандай болот? Идея өтө жакшы, кубанаарлык кабар! Азаматсыңар ишиңерге ийгилик, тактык, бекем тартип каалаймын!
1 | 2 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.