super.kg logo

Кыргыздын чыгаан кыздары: Курманжан датка, Уркуя Салиева, Аида Салянова... (тизме)

 

"Дүйнөнүн түркүгү – эне" дешет элибиз. Алар коомдук, мамлекеттик иштерге да активдүү катышуу менен бирге үй-бүлөнүн куту, эр-азаматтардын жары, балдардын мээримдүү энеси болуп келишет. 8-Март майрамына карата дал ошондой энелердин, дегеле кыргыз аялзатынын жүзүн көрсөткөн айымдардын тизмесин түздүк.

Кылымда кыргыз элинен суурулуп чыккан айтылуу Курманжан датка апабыз тарыхта татыктуу баасын алган. Бүгүнкү күндө кыргыздар кыздарына "Курманжан даткадай чыгаан бол" деп бата беришет. Алай ханышасы бүтүндөй эл жүгүн көтөргөн кайраттуу, чечкиндүү жана акылман кыргыз айымынын үлгүсү экени талашсыз. Анын аты, жасаган иши - кылымдан кылымга өтүүчү ыйык мурас.

(сүрөттө Курманжан датка)

Бүбүсара Бейшеналиева - маданият тармагында кыргыз элинин таалайына жазылган табылгыс талант, кыргыз мамлекетинин биринчи балет бийчиси. Балет бийчиси өз ишин, кесибин, өнөрүн берилип сүйгөн инсан катары тарыхта калды. Ал катышкан “Чолпон” балет-фильми дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө коюлган. Элине эмгеги сиңген айымдын коомчулукта өз орду бар.

1994-жылы өлкөдө 5 сомдук номинал Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтү менен колдонууга киргизилген. Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бирине анын ысымы берилген. Кыргыз мамлекеттик искусство институту да анын ысымын алып жүрөт. Чыгаан айымдын эстелиги Бишкек шаарында, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын жанына орнотулган.

(сүрөттө Бүбүсара Бейшеналиева)

Эмгеги менен элге таанымал болгон Зууракан Кайназарова - мамлекетибиздеги колхоз курулушунун көрүнүктүү ишмери. Зууракан апабыз кан күйгөн согуш жылдарында оорукта эмгектенип, эмгеги жогору бааланган. "Социалисттик Эмгектин Баатыры" наамынын ээси. Совет доорунда депутат, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген. Эмгеги менен бүгүнкү айымдарга үлгү болчу инсан.

(сүрөттө Зууракан Кайназарова)

Совет бийлигин бекемдөө үчүн күрөшкөндөрдүн бири, кыргыздын чыгаан айымы Уркуя Салиева кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчилерден болуп комсомолго, кийин партияга өткөн. Ал совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдүн бири. Анын ысымында учурда Бишкек жана Ош шаарларында көчөлөр бар. Чыгаан айымдын өмүр баянын чагылдырып "Уркуя" аттуу көркөм тасма тартылган. Туулуп-өскөн айылында жана Бишкек шаарынын чок ортосунда эстелиги тургузулган.

(сүрөттө Уркуя Салиева)

Кайталангыс талант Сабира Күмүшалиеванын актрисалык чеберчилигине суктанбаган, ыраазы болбогон кыргыз жок болсо керек. Ал жараткан ар бир образ көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт жана элдин эсинде бекем сакталып калары шексиз. Өмүргө бир жаралган талант кыргыз театрынын, кино тармагынын көркүн ачып, бийик деңгээлге чыгарып, жашоодо жарык из калтырып кетти.
Жаштайынан театрда иштөөнү алдына максат кылып, мугалимдик адистикке ээ болгону менен, Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрында иштеп калган. Ошол күндөн тартып түрдүү ролдордун үстүндө талбай эмгектенип, унутулгус образдарды жаратты.

(сүрөттө Сабира Күмүшалиева)

Бакен Кыдыкеева - Борбор Азия элдеринен чыккан улуу таланттардын алдынкы катарында турган улуу актриса. Азыркы актрисалардын көбү "Кайсы актрисалардын талантын баалайсыз?" деген суроого жооп берүүдө сөзсүз бул айымдын атын атаары чындык. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Бишкектеги Жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган Бакен Кыдыкеева трагедияны, драманы, комедияны бирдей деңгээлде ойной билген көп кырдуу талант катары тарыхтан орун алды.

(сүрөттө Бакен Кыдыкеева)

Жамал Сейдакматова - кыргыздын дагы бир чыгаан айымы, белгилүү актриса. “Уркуя”, “Ак илбирстин тукуму” жана башка көптөгөн мурунку жана жаңы тасмаларда ажайып образдарды жараткан инсанды тааныбаган кыргыз болбосо керек. Өзү да режиссёрлук кылып, тасма тартуу менен алектенүүдө. Азыркы күндө актриса шакирттерин таптап, кыргыз искусствосуна өзүнүн бараандуу салымын кошуп жаткан учуру.

(сүрөттө Жамал Сейдакматованын жаш кези)

Элибиз ак куу менен салыштырган кыргыздын эң сулуу айымдарынын бири, театр жана кино артисти Таттыбүбү Турсунбаева дүйнөлүк жана советтик классиктердин чыгармалары боюнча сахнада көптөгөн образдарды жараткан. Таттыбүбүнүн ырчылык өнөрүнө көпчүлүк 1963-жылы радиого жаздырылган "Ай баратат" аттуу ырды укканда баа берет. Ал “Ак Мөөр” тасмасында аялзатынын ажайып сулуулугун даңазалаган. Анын табигый сулуулугу кыргыз элинде ооздон оозго өтүп айтылып келе жатат.

(сүрөттө Таттыбүбү Турсунбаева)

Кыргыздын чыгаан айымдарынын катарына өлкөнүн мурунку президенти Роза Отунбаеваны кошууга болот. Кыйын кырдаалда мамлекет тагдырын колго алып, өлкөдө туруктуулукту сактоого салым кошкон кыраакы айым. Өлкөбүз жаңыдан эгемендүүлүк алган жылдары биринчи тышкы иштер министри болуп дайындалган. Мыкты дипломат катары көз карандысыз кыргыз мамлекетинин эл аралык аренадагы кадыр-баркынын түптөлүшүнө салым кошкон инсан. Учурда өлкөнү социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү программаларын демилгелеп, ишке ашырууга багытталган эл аралык коомдук фондду жетектейт.

(сүрөттө Роза Отунбаева)

Агартуучу, коомдук-саясий ишмер, профессор, Даңк медалынын ээси Ишенгүл Болжурова билим берүүгө эмгек сиңирген ишмер катары таанымал. Дүйнөдө тынчтыкты сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк профессорлор ассоциациясынын кыргыз жериндеги филиалынын президенти, КРнын Билим берүүгө эмгек сиңирген ишмери, Казакстандын элчилигинин "Алтын көпүрө" сыйлыгынын ээси. Бул айым өлкөбүздүн Билим берүү жана илим министрлигин жетектеп турган учурда бир катар реформалар болгону коомчулукта айтылып жүрөт.

(сүрөттө Ишенгүл Болжурова)

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхында Башкы прокуратуранын башчыларынын катарын айымдар да толуктаган. 1991-жылдан 1993-жылга чейин эң алгачкы болуп Чолпон Баекова Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын жетектеген. Андан кийин Конституциялык палатанын башчылыгында иштеген. Юридика илимдеринин доктору, профессор. Жогорку квалификациядагы судья.

(сүрөттө Чолпон Баекова)

Кыргыз мамлекетинин он үчүнчү башкы прокурору болуп 2011-жылы Аида Салянова дайындалган. Аны Башкы прокуратурада масштабдуу реформа кылган айым катары билебиз. Анын тайманбастыгы тууралуу коомчулукта жылуу пикирлер арбын. Көпчүлүк Башкы прокуратураны Салянова жетектеп турган учурда чиновниктерге, жогорку бийликтин өкүлдөрүнө кылмыш иштери козголгонун айтышып, бул айымда эрк күчтүү экенин белгилешет. Коррупция менен чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө батынганын айтышат.

(сүрөттө Аида Салянова)


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(91)
08.03.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Аман болушсун аял заты майрамыңыздар менен!
08.03.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Майрамыныздар менен!!
08.03.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Админ бопо каримованы да кошуп эскерип койсонор болмок
08.03.2016. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
nakiw, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
08.03.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Аида эжемди жон эле койбопсунар...
08.03.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Kurmanjan datka Enebizden bashkasun kyrgyzdun chugaan kyzy ulguluu ayum dey albaym ( jeke oyum)
08.03.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
MuslimNur95, Ток этеер жерин айттын. Мисалы Салиеваны аялдарга эркиндик берген деп мактайт, ал дегени Датка энебиз кийгизип кеткен хиджабды чечтиргенин, ошол доордогу ксср бийлиги эркиндик берди деп мактанган. Демек исламдын номер биринчи душманы болгон У. Салиева!
08.03.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Zahovic, Ushul siz aytkan soz jonundo Maga oshol sssr de torolgon adamdar aytup bergen Salieva jonundo tuura ayttunuz ayaldardu chechindirgenin.
08.03.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Салянованы чыгарбай эле койбоптурсунарда, себеби ал жалан оппозияцагы чабуул жасап, бийликтегилердин бирине да тиши отпогон. Мисалы Батукаевти чыгарган 8 атка минерлердин бирине да духу жетпедиго, корсо аны АША чыгарган экенда, ошого Салянова лям дебей отуруп калган экен депутаттык комиссиянында жыйынтыгыны укпай.
Zahovic түзөттү 2016-03-08 18:05:14
08.03.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Салянованы тим эле койбопсунарда.
08.03.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Салянованы чыгарбай еле койбопсунар..
08.03.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Салянова менен Отунбаеваны кошпосо деле болмок чыгаан адамдарга кирбесе керек алар ((((
08.03.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
ediko85, Роза эжемди кошуп коё берсин кыйын кырдаалда келди эле...
08.03.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чыныгы Потриотка болгон, уникальная Курманжандатка энебизден башка, суроттогулордун бирининда улгулуу жактарын окуй элекмин. Бубусара энебиздин башка суроту жок бекен? Отунбаева менен Салянованы жон эле койбоптурсунарда, алар просто так бийликтин чуркама кучуктору сыяктуу эле болушкан!
08.03.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Салянова позор, просто позор, ал бул энелерибиздин катарына кошулууга татыксыз. Эмнени кыйратты мисалы???????????
08.03.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
AGENTO07, Келдибековду камады...
08.03.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
azamat.95, Буттуву ошол элеби? Сен ошону эрдик деп эсептейсинби?
08.03.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
AGENTO07, оа андан башка эмне кылды?
08.03.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
azamat.95, Анда ошол сен учун эрдикпи?
09.03.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
AGENTO07,коп чиновниктерге кылмыш ишин козгоду,буга чейин эркек прокурорлордун да колунан келген эмес!
08.03.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Курманжан Датка энебиз албетте мактоого татыктуу даже оз баласын "АЖАЛГА ТИКЕ КАРА" деп атын буруп басып кеткен. (деген жерин окуган элем)
Отунбаева менен Салянова жакындарын жана акча бергендерге побег уюштуруп бергенине "ЧЫГААН" кыздарбы?
Aitpaaim түзөттү 2016-03-08 18:51:16
08.03.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Салянованы жон эле койбоптурсунарда!!!!!!
08.03.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Мынча коро албассынар? уйдо жатып алып комментарий жаза беребизби Салянованы чыгарбай койбопсунар деп?кана биринчи ошо жаман Саляновадай болуп суурулуп чыккылачы
08.03.2016. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Салянова здесь лишняя
08.03.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
админ бул темага комментарий калтыргыс кылып жабык турдо кылып койосонуздар болмок экен.
Ар биринин талашкан созун окуп бетим кызарды.
Осконду буттан тарткан кыргыз эли качан онугобуз, кайда кирбе талашып тытышып урушуп эле журобуз
08.03.2016. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
KYRGYZJERI, Ким оскон, Салянова осуп келе жатабы?)))))
08.03.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Аида Салянова кыргыздын чыгаан кыздарынын бири!
08.03.2016. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
basyz-kaman., оа кыргыз эли учун коп кызмат кылды :)
08.03.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
basyz-kaman., Кулкуну келтиресинго. Ал эмне учун чыгаан? Же батукаевди качырып ийгендери учунбу?
08.03.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекерчилер бироону жамандагандан башканы билбейт...
08.03.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
basyz-kaman., Мактап эле жатышатко Салянованардан башка татыктуу энелерди.
Бекерчилер мактагандарды коро албагандан башканы билбейт))))!
FIFA-UEFA түзөттү 2016-03-08 19:30:37
08.03.2016. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Даа уж, озубуз балээ кылбагандан кийин бироону сындаш оной да. Ар кимдин озунун вкусу бар дегендей.


Улгу, орнок болчу аялдар.
08.03.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bermet_Kasymova, Саляновадан башкасы!!!!
08.03.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
салянова менен отунбаевага жол болсун да менин жеке пикиримде калган Таттыбубу Турсунбаева Сабира Кумушалиева Курманжан датка энелерибизге мен таазим этем
ал эми курманжан датка энебизден башкасын чыгаан улгулуу дей албайм дегендерге бул актрисалар булар кыргыз кызынын жузу деп тушуном жана канчалаган кинолордун коркун ачкан ушул биздин энелерибиз мен азыр чыгып аткан кинолорго караган дал ушул энелерибиз аткарган кинолорду жакшы кором же эмне силер ал кинолорду корбойсунорбу же жакпайбы?!
08.03.2016. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
uluukyrgyz, жакпайт.
08.03.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FIFA-UEFA,ошондо бир эле жалгыз курманжан датка энебиз экенда анда кыргыздын жакшы кыздары аз дегенди тушунсок болот экенда же эмне бул жерде кыргыз душмандары коппу
озунун сыймыгы болгон чыгаандарын барктай албаган бугунку биз жаштар ошончолук денгеелде манкурт болуп калдык беле
08.03.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
uluukyrgyz, Туура тушундун, учурда кыргыздын чыгаан жакшы кыздары жок. Болсо эмгектери менен кошо далилдечи. Бирок Салянованы чыгаан десен анда накта манкурт болосун))))
FIFA-UEFA.KG түзөттү 2016-03-08 20:45:55
08.03.2016. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
FIFA-UEFA.KG,мен салянова мыкты деп айтпайм ал да болсо бир бийликтин созун суйлогон дежурный аялдардын бири мен Бакен кыдыкеева Таттыбубу Турсунбаева деген чыгаандар жонундо айттам силер ал инсандарды да жамандап жатасынар кыргыз кызынын чыныгы жузу болгон актриса мыкты таланттарды
uluukyrgyz түзөттү 2016-03-08 21:39:06
08.03.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча баардыгы ушундай мактоолорго татыктуу. Көрө албагандар көп да.
08.03.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aziko1414, Салянова менен Отунбайдан башкасы от души эле татыктуу. Тиги экоо жон эле койсо да болот, себеби сага окшогон эле азыркы доордун адамдарыда)))))))!
08.03.2016. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
FIFA-UEFA, Курманжан датка энебиз, Уркуя Салиева эжекелерибиз азыр тируу болгондо аларды деле жамандамаксынар... Силердин жумушунар ушул да)))
08.03.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
basyz-kaman., Алар тируу болгондо Саляновага окшош болбойт эледа. А силердинда жумушунар ошол ар кимди мактап-жактап, пахта коймой да)))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: