super.kg logo

Кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасаган хирург дагы бир операцияны 13 мүнөттө жасап рекорд койду

 

Жүрөккө операция жасоо татаал операциялардын бири болуп саналат. Анын убактысы 30 мүнөттөн 14 саатка чейин созулушу мүмкүн. Буга чейин светтин өчкөндүгүнө карабай кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасаган хирург, өлкөнүн жүрөк хирургиясы боюнча башкы адиси, профессор Калдарбек Абдраманов дагы бир кооптуу операцияны кечээ, 10-мартта 13 мүнөттө аягына чыгарды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына профессор билдирди. Анын окуучуларынын айтымында, бул операция өлкөбүздө эң кыска мөөнөттө жасалып, рекорд койгон.

"Жүрөк хирургиясында негизги этап деген бар. Бул операциянын баштан-аяк жүрүшү эмес. Жүрөктү токтоткондон баштап дарылоо иштерин жасап, жүрөктү иштеткенге чейинки учур айтылат. Кезектеги жүрөккө операция жасоонун негизги этабы 13 мүнөттү түздү. 3 кемтиги бар жүрөккө татаал операция кыска убакытта жасалганы өлкөбүздө биринчи жолу болгонун айтып жатышат. Мен өзүм кызыгып бул тууралуу изилдеп көргөн жокмун. Биз болушунча негизги этапты кыскартууга аракет кылабыз, себеби операция канча кыска убакыттын ичинде жасалса, бейтап ошончолук бат өзүнө келет. Бишкекте иштеп жүргөндө 15 мүнөттө жасаган элек. Анда бейтаптын бир эле жүрөк кемтиги бар болчу. Азыр болсо 3 кемтиги бар бейтапка операцияны 13 мүнөттө жасаганыбызга кубанып жатабыз. Дүйнөлүк практикада мындай операция 30 мүнөттө жасалат экен. Бул жеке менин эле ийгилигим эмес, операцияга катышкан 8-10 адамдын, команданын ийгилиги, профессионалдуулуктун туу чокусу",- дейт хирург.

"3 жылдан бери менин жанымда иштеп жаткан команда алмашкан жок, андыктан жакшы жыйынтык көрсөтүп жатканыбызда алардын да үлүшү чоң. Андан сырткары ооруканага Бишкекте жок кан айландыруучу жана башка миллион долларлык жаңы керектүү аппараттар коюлган. Аппараттар светтин өчкөндүгүнө карабай кол чырактын жарыгы менен жүрөккө операция жасалгандан кийин орнотулган. Бул нерселер да биздин жакшы, сапаттуу иштөөбүзгө чоң салымын кошуп жатышат",- деп билдирди Абдраманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(36)
11.03.2016. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
баркельде
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: