super.kg logo

Кыргыз-өзбек чек арасында өзбек аскерлери чогулушту

 

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү бүгүн, 18-мартта саат 7:40та Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Могол жергесиндеги чек ара такталбаган аймакка өзбек аскерлери 2 сооттранспортёр жана 2 КамАЗ үлгүсүндөгү унааны коюп коюшканын билдиришти. Андан сырткары 35-40 өзбек аскерлери да бар экени маалым болду.

Мындан улам кыргыз тарабынын сунушу менен саат 8:50дө Могол жеринде Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын чек ара мекемелеринин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталган.

Ошондой эле бүгүн саат 8:00дө өзбек тарап "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пунктун жаап, кыргыз жарандарын Өзбекстанга киргизүүнү токтотту. Ал эми Өзбекстандагы кыргыз жарандары кадимкидей чыгып жатышат. Аны менен биргеликте өзбек жарандарына эч кандай чектөө киргизилген жок. Ал эми башка чет элдик жарандар үчүн "Маданият-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункту штаттык режимде иштеп жатат.

Кыргыз Республикасы өз кезегинде "Баймак-автожол", "Кең-Сай-автожол" жана "Кадамжай-автожол" көзөмөл-өткөрүүчү пункттарын өзбек жарандары үчүн жапты.






Аксы жолуна өзбек чек арачылары блок пост коюшту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(36)
18.03.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жаап туура кылыптыр
18.03.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Биз да радикалдуу кадамдарга барышыбыз керек. Бул чагымчылдык.Эгер согуш чыкса Озбекстан учун оор болорун жакшы тушунбай атат.Озбекстандын тышкы душманына караганда ички душмандары коп,биз коркпой еле башка кадамдарга барышыбыз керек.Биз бул нерседен уттурбайбыз.
18.03.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кыпгызстан менен согуш ача турган болсо анда өздөрүндөгү ички душмандары да ынтымакка келе калат. Себеби улуттун кызыкчылыгы алдыда турат. Ош окуясы бул нерсеге мисал. Кыргыздар ошол учурда түндүк түштүк болуп турган учурда, тез эле ынтымакка келе калдык.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: