Чек ара кызматы: Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы аткарыла элек, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда








Кербен - Ала-Бука жолундагы блокпостторду алып салуу талабы аткарыла элек. Кечээтен бери аталган аймакта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Кечээ аталган аймакка Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев жөнөп кеткен. Учурда кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Эки өлкөнүн ортосундагы расмий келишимдерге ылайык, такталбаган аймакка аскерлерди киргизүүгө жол берилбейт. Буга байланыштуу кечээ расмий түрдөгү билдирүү жөнөтүлгөн, азырынча ага эч кандай жооп келе элек",- деп билдиришти аталган кызматтан.
Маалым болгондой, учурда кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан калктардын ортосунда чыр-чатактарды болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Айта кетсек, 18-март күнү кечке маал өзбекстандык агенттиктердин бири өлкөнүн Мамлекеттик чек араны коргоо комитетинин өкүлүнө шилтеме берүү менен Аксы - Ала-Бука жолунда өзбек жоокерлери турган аймакты "биздин өлкөгө караштуу жер" деп билдирүү жасаган.

тирүү эле жүрүшөбү?
Тынчтык жолу менен чыгып кетишсе жакшы болмок.[moderated] жыргап атат гооо кыкемдер унчукпай жатат деп.
Жаштардын каны суйук кызуу келет.Кече соц.сайттарда жаштар грууппаларды ачып митинг кылып бастырып баралы ак уйдогулор келбесе биз коргойбуз деп суйлошуп жатышат баары еле еркек балдар окшойт.Урматтуу админ ушул нерсени да жазып чыкксанар болот еле
Буга чйин эле этектеги жерди ээлеп уже жайгашып алып эми жайыттарды талашып атат!
Кыргызстандын келечеги кен болот деп
Ишенемин, Кыргыз элин бакыт куурчап
Менин дагы телегейим тен болот деп. 
Ишенемин, адилеттин женеерине
Чындыктын кубо болуп береерине
Ишенемин, келечектин кендигине
Ар бир иштин акыбети келеерине
Ишенемин, окуп жакшы адам болуп
Кызматымды элим учун отоорумо
Ишенемин Кудайымдын бардыгына
Себеп буга, таянамын акылыма
Ишенемин, адамдарды онолот деп