"Евровидение-2016" сынагында Беларусь ырчысы сахнага энеден туума жылаңач чыкмай болууда (фото)






Беларусь өлкөсүнүн атынан катышып жаткан 21 жаштагы ырчы Ivan (Александр Иванов) "Евровидение-2016" музыкалык сынагына энеден туума жылаңач чыгып, дүйнөдөгү бардык көрүүчүлөрдү таң калтырууга даярданууда. Ошондой эле ал өзү менен кошо сахнага эки карышкырды алып чыгат. Бул тууралуу ырчынын расмий баракчасына жазылган.
Ырчынын продюсери Виктор Дробыштын айтымында, учурда сынактын уюштуруучулары менен сахнага жаныбарларды алып чыгууга уруксат алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Макулдук алуу үчүн болгон аракетин жумшай турганын айткан.
"Ооба, Иван сахнага 2 карышкырдын коштоосунда жылаңач чыгат. Негизи эле ар бир адам өзүн кайсы бир жандыкка окшоштурат. Кээде биз ал окшоштукту басып салабыз, бирок ар бир эле адам өзүндөгү жандык менен бетме-бет жолуга бербейт. Ивандын бул номери аркылуу биз адам менен жаратылыштын ортосундагы тыгыз байланышты берүүнү чечтик",- деп билдирген продюсер.
"Евровидениеге" жылаңач чыкмай болду

Антип каргап не кыласын? Улул силерди жамандатырып койсо эле болдуу жээ силерге жамандасанар башынарга мүз чыгабы????
жарым тепкич өдөрөөк беле дейм....
Орустар сакалчанга катуу кетишти эле эми Дробышты
кантишээр экен?
Этика нормаларын сактаңыз.