super.kg logo

Камакка алынган Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева жүрөгү ооруп ооруканага түштү

 

Бишкекте камакка алынган Жол-патрулдук милициясынын башчысы Зумрад Жанабаева кечээ, 28-мартта ишемиялык инсультка кабылып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына ИИМдин Медициналык башкармалыгынын жетекчиси Жыргалбек Жакыпов билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ өзүн начар сезген Жанабаева тез арада ооруканага жеткирилип, ага "ишемиялык инсульт" диагнозу коюлду. Тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин катуу стресстен жана кан басымынын көтөрүлүшүнөн улам анын мээсиндеги кан айлануунун бузулганы аныкталган.

"Кечинде З.Жанабаева жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө дарыланууда. Ал жакта 10 күндөй дарыланат",- деди Жакыпов.

Айта кетсек, 24-март күнү саат 23:30 чамасында Октябрь райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан З.Жанабаева ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(36)
29.03.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Бизде мындай тез арада ооруп калгандар көнүмүш адат болуп калды. Атка минерлер камака алынганда ооруп калат башка убакта айгырдай эле жүрүшөт. Кайсы атка минер камака алынды дээри менен 2-3 күндөн кийин катуу ооруп ооруканага жаткырылды деген кабар угусың
29.03.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
take.kg86,
Эң туура.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: