Апрель окуясында каза тапкандар "Эр жүрөк азаматтарга таазим!" көргөзмөсүндө эскерилет

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында "Эр жүрөк азаматтарга таазим!" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эскерүү кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты.
"7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан. Элге кызмат кылып, журтка жагымдуу, өлкөгө керектүү болуу, ишеничти актоо эбегейсиз бакыт, улуу дөөлөт экенин кийинки бийликке келгендер унутпашы керек. Эл башы болуу өтө оор жүк",- деп жазылат маалыматта.
Көргөзмө 2 бөлүктөн турат:
- "Эркиндик деп, эл деп башын сайгандар!"
- "Биздин мекен - бир гана Кыргызстан"
Көргөзмөгө китептер, фотодокументтер, гезит-журналдык макалалар, эскерүүлөр коюлат. Анын ачылышына мамлекеттик, коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданияттын, илимдин, билимдин кызматкерлери, акындар, жазуучулар, коомчулук, студенттер, окуучулар жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышат.

Эмнеге Ошто узбек базарларда журсон баардыгы узбекче суйлошот?? ушундай маселелерди озунор эле чечип койбойсунарбы!!! Кыргызстандын башка эч бир жеринде ошондой болгон эмес!!!
Бакиев, Бакиев деп эле кыйкырасынар, бардык жагын актап, Ошол Бакиев узбек лидерлери менен узбекче суйлоп кыргыздын бетине тукургон!
Бир нерсе жазардан мурун бир аз ойлонуп жазсак жакшы болот эле!
Экинчиден кудай де арактан жакыным жабыркаьасын де ХХХ ХХХ ХХХ