Жогорку Кеңештин коалициялык көпчүлүгү Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин жактырды
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрликке талапкерлигин жактырды. Ошентип, парламенттин коалициялык көпчүлүгүнө кирген бардык 4 фракция: КДСП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" Жээнбековдун талапкерлигин колдоду. Жакын арада фракция лидерлери бул тууралуу расмий маалымат жарыялашмакчы.
Айта кетсек, эгер Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызматына дайындалса, анын иниси Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-4

