super.kg logo

Ак-Талаадагы мектептин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү ата-энесинен ажыраган 4 бир тууганга үй салып жатышат (фото)

 
Үй-бүлөдөгү уул балдардын бирөө мектеп жашына жеткен болсо, бирөөсү андан да кичинекей

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап (тарыхый аталышы Куртка айылы) айылынын 1979-жылы туулган жигиттери ата-энесинен ажыраган бир туугандарга үй куруп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын "Куртка ынтымак коомунун" төрагасынын орун басары Замир Ыманкалиев билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү 300 миң сомдон ашуун акча каражатын топтоп, курулуш материалдарын сатып алышкан. Классташтар кеңешип, ата-энесинен айрылган 4 бир тууганды турак үй менен камсыздоону чечишти. 2 эркек, 2 кыз бир туугандар учурда атасынын агасы Табылды Черикчиевдин колунда. Алар буга чейин үйү жок болгондуктан, пилорама цехинин кароолчусунун үйүндө жашап келишкен. Т.Черикчиев дагы майыптыгы боюнча жөлөк пул алат. Үй курууга айыл өкмөтү тарабынан жер тилкеси берилген.

"Балдардын атасы 3 жыл мурун "Ош базарында" муздан тайып жыгылып каза болсо, апасы өткөн жылы аварияга учурап каза болгон экен. Балдарды жетим балдар үйүнө алып кетели дегенде айылдагы туугандар, жергиликтүү тургундар "эч кайда бербейбиз, балдар элдин, туугандардын арасында өссүн" деп бербей алып калышкан. Ошол томолой жетим балдардын абалын көрүп туруп 20 жылдык деп тойлогонду Кудай деле жактырбаса керек. Биз мындай аракетибиз, мамилебиз менен балдардын жүрөгүн сүйүнтүп, жашоосуна үмүт бергибиз келди. Бул соопчулук, элди ынтымакка, бири-бирибиздин жашообузга кайдыгер карабоого чакырган иш-чара.

Үйдү куруу иштерине ар бир адам колунан келген жардамын аябай берип жатат. Үй-бүлөнүн эң улуу кызы "бөбөктөрүмдү багам" деп Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде иштейт экен. Уул балдардын бирөө мектеп жашына жеткен болсо, бирөөсү андан да кичинекей. Азыр аларды атасынын агасы карап жатат", - деп билдирди Замир Ыманкалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(33)
10.05.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сыймыктанчу иш
10.05.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аллах раазы болсун.
10.05.2016. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эн чон сооп иш кылып жатышыптыр. Кудай тилектерин берсин мектеп бутуруучулоруно! Иштерине ийгилик!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: