super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Кымбат баалуу буюм алганда чек кагаздарын 1-2 ай алып жүрөм, кийин ыргытып салам"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Чек сактайсызбы?" деген тема талкууга алынды.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен дүкөндөн чекти алам, кийин үйгө келип таштандыга ыргытып салам. Ошол жактан эле таштап келбей деп өзүмчө сүйлөнүп калам".

"Кымбат баалуу буюм алганда чектерин 1-2 ай алып жүрөм, кийин ыргытып салам. Товардан кандайдыр бир кемчилик чыкса, кайра көтөрүп барам деген ойдо го дейм... Майда-чүйдөлөрдүн чек кагаздарын албайм".

"Ойлоп көрсөм чек кагаздарын дээрлик сактабайт экенмин. Телефон сатып алганда үйгө келип карасам чекти албаптырмын. Көбүнчө кымбат, сапаттуу буюм, кийим алганда чек алганга аракет жасайм".

"Сатып алган буюмдарымдын пакетинде жүрө берет. Качан алган буюмду иштеткенде пакети менен кошо ыргытылат. Кээде ашкан акчалар менен капчыкка да капыстан салып коём, андай учурда эсиме келгенде ыргытам. Эстебесем капчыктын бир кычыгында жүрө берет".

"Терминалдан бирдик салганда чек кагазын карап, кайра таштап коём. Кээде алып коём, бирок сактабайм".

"Менде чекти сактоо мөөнөтү алган товарымдын сапатынан, баалуулугунан көз каранды. Мисалы, азык-түлүк сатып алганда дароо ыргытсам, кийим-кече, буюм алганда бир канча убакыт сакталат".

"Биз жакта эч бир жерде чек берилбейт. Уюлдук оператордун кеңсесинде терминал бар, ошол жактан бирдик салсаң чек берет. Бирок ал жерге эч ким кирип бирдик салбайт. Бир убакта бирдик жүктөөнүн кызматы 10 сом болуп калганда акчабызды аяп, ошол терминалды колдонуп калганбыз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.06.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Максатсыз жана маанисиз талкуу бул!
04.06.2016. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka1207, Ошон учун бул жака чыгып кетиптир да э?))
04.06.2016. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чек эмес техника буюм дарынын китепчеси деле бир ай тургандан кийин ыргытып жиберебизго ,а орустар даже мусорго чеги менен алып чыгып коюшат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: