Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрүү укугуна ээ болушат
Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрүү укугуна ээ болушат. Казакстан тийиштүү өкмөттүк макулдашууга өзгөртүү киргизүүнү караган протокол даярдаганын аталган өлкөнүн ММКлары жазышты.
"Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында тең укуктуулукту жөнгө салуу максатында "Кыргыз Республикасы менен Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу протокол даярдалды. Анда Казакстандын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстандын аймагында болуу тартиптери жазылган. Эки өлкөнүн жарандарынын ички иштер органдарында 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрүшү каралууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда Казакстанга кирген кыргыз жарандары 5 күндүн ичинде каттоого турушу керек.

Ошошдо Кыргыз жарандарына кандай жардам берет ЕЭБ биримдиги
Т.С.га кошулганда аяяяябай кубандым эле. Бмрок ушул убакка чейин 5кун ичинде катттого туруп жургонмун убактылуу 3 айга. М:25-июнда кирди чыкты кылуум керек.
Иш жузуно ашса гана ии дебесем.