Чубак ажы Жалилов жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартууга каршы депутаттарды жектеди
Дин аалымы Чубак ажы Жалилов жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу аракетине каршы добуш берген депутаттарды айыптап кайрылуу жасады. Кечээ, 7-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде жума күнкү тыныгууну 1 саат эмес, 2 саат кылуу нормасы каралган мыйзамдын долбоору талкууланып, ага 3 депутат "макул", 6 депутат "каршы" деп добуш берген. Демилгечилер жума намазына барууга мамлекеттик кызматта иштегендерге шарт түзүп берүү керектигин айтышууда. Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен долбоор четке кагылды. Экс-муфтий долбоорго каршы чыккан депутаттарга кол берип учурашпай турганын, шайлоолордо аларга добуш бербөөгө жарандарды чакырарын айтты. Кыскасы, аларды коомдо өгөйлөөгө үндөдү.
Учурда коомчулукта бул маселе кызуу талкууга алынууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
1

Кечээ Алатоо аянтына бачата бийин бийлеген сен эмеспи ?
Ошолорду токтотуш керек, антпесек кыпгыздын үрп адаттары бузулп баштады. Улуттун коопмуздугуна шек келтирет бузукулар. Ислам дин эч качан зыян алып келбейт, кенен жайылта бериш керек.
Жогорку Кеӊештин интернеттеги дарегинде жайгашкан бул депутаттардын туулган району менен айылын жана кайсы фракциядан экенин айтып койсом ашыкча болбос. Балким кимдин бирөөгө пайдасы тийип калаар:
1. Акаев Жанар. Алай районунун Кабылан-Көл айылы. «СДПК» фракциясы. ЖКдагы мечиттин кереги жок деп айтып эле, жакында айылына мечит ачкандардын катарында жүрдү. Момун мусулман бир алданган жерине экинчи ирет алданбайт.
2. Токторов Алмазбек. Ноокат району, Эски-Ноокат айылы. «Кыргызст