super.kg logo

Жанар Акаев: "Чубак ажы Жалилов өзүн Кудайдан кийинки эле адам сезе баштаган экен"

 

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов жума күнкү түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу аракетине каршы добуш берген тармактык комитеттин депутаттарын айыптап, Фейсбуктагы баракчасы аркылуу видеокайрылуу жасап чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Жалиловдун айткандарына пикирин билдирди. "Орозо - бул баарыбызды сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө жана ынтымакка үндөгөн ай. Бирок парламенттеги жума намаздын убактысын узартуу же узартпоо маселесин дал ушул ыйык айда саясатташтырып, радикал молдолор ого бетер күчөтүп жибергендей болушту", - деди ал.

Депутат жума намазын окуу үчүн жалпы мамлекеттик мекемелердин иштөө тартибин өзгөртүү керек эместигин айтты. "Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм, тескерисинче, намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы. Бирок Эмгек кодексин өзгөртүп, бүтүндөй мамлекеттик органдардын, мектептердин, бала бакча, оорукана, айтор, бардык мекемелердин иш графигин жаңыдан иштеп, жума намаздын убактысын өзгөртүүгө азыр ошончолук эле чоң муктаждык барбы? Муну кызматкер менен жетекчи өз ара түшүнүшүү аркылуу эле чечип келишет, азыркыдай же жума намаздан кечиккени үчүн жарандарыбыз массалык куугунтукка алынып, жумуштан айдалып жатабы? Андайлар болсо мага келгиле, укугуңарды чогуу коргойлу. Кыргыз өкмөтү, профсоюздар уюму, УКМК, баары бул мыйзамга каршы корутунду берген", - деди Акаев.

"Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери - бул экстремизм, такфиризм! Бүгүн бул депутаттарды чечими үчүн каапыр атап, жаназа окулбасын десе, жайга коюлбасын десе, анын кийинки кадамы кандай? Ушунча болду компартияга мүчө болгондордун сөөгүн көрүстөндөрдөн чукуп чыгып бөлөбү? Раззаков менен Масалиевдердин сөөгүн чукуйбу? Ысырык салган энелерди эмне кылат? Сүмөлөк бышыргандардычы? Муну эми эл "шейх, сиздики туура" десе, эйфорияга алынып, өзүн Кудайдан кийинки эле адам сезе баштаган экен. Ыйык Орозодо элди ынтымакка, ыйманга үндөгөндүн ордуна бөлүп-жарган неме сөзсүз жазасын алат.

Дин менен ойногон саясатчыларды ээрчибегиле, алардын эл көзүнө намаз окуп, кандай ыплас иштерди жасап жатканын биз жакшы билебиз. Элден аброй топтоо үчүн оозунан Алла түшпөй, популисттик мыйзамдар менен алек болгондордун, динди бетине кармагандардан пайдасынан зыяны көп. Криминалы да, чала молдосу да, башкасы да кантип жашаганды бизге үйрөтпөсүн", - деп кайрылды депутат.

Учурда социалдык тармактарда бул маселе кызуу талкууга алынууда. Айрымдары Чубак ажы Жалиловдун пикирин туура десе, айрымдары Жанар Акаевдин пикирин туура дешүүдө.






Жума намаз маселеси коомчулукта кызуу талкууга алынды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(235)
08.06.2016. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында мен именно бир да депутатты тааныбайм.Чубак ажыга каршы чыкпагылачы.Депутаттардын биринде да библиотекасы жок болсо керек.Биздин ажынын библиотекасына барып коргуло депутаттар.Колунардан бир жакшылык иш келбейтго, акча десе озунорду да сатканга даярсынар.Мискенбаев буттуп эми Жанары чыктыбы.Кудай бар.Элдин уулу биз сыймыктанган ажыдан алыс ойногулачы.Муратаалы ажыны да чукулап журуп олтурдунор.
08.06.2016. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кудайым динибизди туура жана так тушунууну насип кылсын....айтыша турган эч нерсе жок....
08.06.2016. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу лук Динде Динде оозго этият бололу достор ыйык кудордо куного батып калбайлы,Баарыбызга Ыйман ынсап берсин Аллах.
08.06.2016. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Откондо той тамашалардын санын азайтуу жонундо мыйзамды кабыл албадынар эле. Эми бул мыйзамды да кабыл албай жатасынар. Кичине жакшы жамандык айырмайлай билгиле. Бул журналист созмер Эми мага жакпай калды.
08.06.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баарыныздарды сабырдуулукка чакырам урматтуу бир туугандар!Убакыт отуп баары оз нугуна келет буйруса!Биринчи орунда ач болсок да тынч бололу...
09.06.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мактаган ажы тойдо ХХХ! Жанарга 200 пайыз кошулам, ажыкенин билдируусун окуганда эле билгем, тарбиясы таалими жок экенин, элди провакацияга ундоду, эртен эле халифат орнотом деп чыкпаса эле.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-09 09:44:20
09.06.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aibi8984, этика нормаларын сактыңыз!
09.06.2016. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орозонун кунундо бир биринер менен урушуп анан дагы Чубак ажы менен Жанарды да иттен алып итке салдынар го. Негизи экоосу тен бир эле нерсени айтып атышат. Отко май куйгандын ордуна экоосу бир бирин тушунуп кечиришип алышсын дейли
09.06.2016. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Жаштар Чубак ажыны колдойт. А бул эмне деп тантырап атат. Ушунун кереги жок эле ЖКга
09.06.2016. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Bizdin mamlekkettik bashkaruuga din aralashbagan dep kodekstin 1 bereneside jazylyp turat. Men myizamga bash iiem jana koldoim. Bul degenin denge karshymyn degenim emes. Namaz uchun butundoi myizamdy ozgortush kk emes. Din oz jolunda sa9sat oz jolunda ketish kk. Bir joldu tandaily uwunchalyk dinge berilgender bolso anda kurandy bash myizam kylaly. Chubak ajyny syilaim ar daiym videolorun korom. Birok katuu ketip kaldy. Sa9satty jon koiup eldi dinge chakyrgandy ele ulantkany on bul menin jeke oюм
09.06.2016. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Чубак ажы аябай билимдуу адам экен.келечектеги президент катары кором.
09.06.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zoichka,Кудай өзү сактасын, мындан!!!
09.06.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Chubak Ajy tochno prezident bolboit a vot Janar Akaev bolot korosung go!
09.06.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zoichka,Оооууу жыргаган экенбиз президентке
Баары бутуп ушул эле калды эле
09.06.2016. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Адам озу айтмайын мусулман болуп кала берет, аны бироо кайсыдыр созу же кыймылы учун бироо каапырга чыгаруусу чон куноо. Муну ажы билип туруп кантип жаназа жо ляпнуть этип койгону кызык. Молдо президент болбойт эч качан эгер болсо халифат болот энсегенинер ислам олкосу болсо анда Пакистанга Афганистанга баргыла да чумконуп укугунар иттен да томон болуп куйоонордун телефонун кармасанар турмого тушуп балак жеп калганынар таш баранга алынып тебеленип тепселип омур откоруп журо бергиле да.
09.06.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
AKCAHAT,Чубак ажы сен экообузго караганда динди жакшы билет. Далили менен сага айтып бере алат деп ойлойм. Жанар Акаев эки жуздуу адамдай корунот, намаз окугандар кобойгон жакшы дейт. Бирок озу намаз окуйм деп ниетида жоктой корунот. 1 саат учун Жанар ушинтип жатса анда соз жок, башка жагынан Кыргыз элине кереги барбы.
09.06.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kushbakov87, кимдир-бирөөнүн кемсинтип, мазактап, анын кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт! 5 күн БАН!
09.06.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Европаны ээрчип атып тозокту толтурабыз го...Алла хидаят берсин адашкандарга!!!!Амиинь
09.06.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
U_ALMA, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
09.06.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Abospekova, zhykyo, темадан алыстабаңыздар! Жеке айтышуулар купуяга!
09.06.2016. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жанар кашыктап чогулткан абройун чомучтоп токту ,оз оордун билбей ,башкаларга карганда бир аз болсода эл таанып калган депутат эле ,жакшы не болсо оз убагында жузу ачылып кандай адам экени билинди,эл президент болушун каалайт эле,жанардында козун май баып калыптыр уже,умут узулду.....
09.06.2016. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
жанардын мусулман экенинен кумонум бар!
09.06.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул жакка ар ким ар кандай озунун жеке пикирин калтырууга укуктуу. Бирок, албетте этиканы сактоо менен. Мен Жанар Акаевдин пикирин толугу менен колдойм. Биздин мамлекет динге негизделбеген мамлекет. Ошол себептен динди саясатка аралаштырбоо керек. "Жакшы журмок бар, жакшы олмок жок" дейт кыргызда. Андыктан, кимге жаназа тушурулот, ал эми кимге жаназа буйрубайт... Аны бир гана Кудай билет Чубак ага. Андыктан, Кудайдан озунуп бир созду айтууда ойлонуп алыныз. Сиз да биз сыяктуу катардагы
tabyshmak түзөттү 2016-06-09 09:54:44
09.06.2016. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Бул депутаттар дайыма ушундай кичине болбогон сунушту киргизип жыргай беришет. Мен ушу долборду жаздым деп. Жанар толтура проблема болуп жатса. Элге чындап пайдасы бар долбор жазсаныз болот. Жумуш орундар, айлык акыны кобойту, ошол чыяктуу. Менин деле башым жетет андай долборду жазууга. Сен депутатсын. Чыныгы проблеманы чечсен.
09.06.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
чубак акенин айткандарына тезинен экспертиза жасаш керек..канчалык денгээлде келечекке кооптуулугу бар екендиги боюнча.Эгер мыйзам чегинен чыгып кеткен болсо мыйзам алдында жооп бериш керек.Кудай тынчтыкты суйот. а биздин молдолор согушту каалап калышыптыр.Жума намазга барган адамды жетекчиси иштен алып коюптур дегенди киминер уктунар ушул кунго чейин или сурансанар кайсы жетекчи жооп бербей коюуптур? Жанар айткандай баары тушунушуу менен чечилип келе жатат.
09.06.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
KUMKA, туура айтасыз, ГКНБ текшериш керек. Элди экиге бөлүп, бирөөнү "душман" деп, экстремисттик үндөөлөрдү кылган киши, молдо болсо дагы, мыйзам алдында жооп бериш керек.
09.06.2016. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akskg, Urmat_83, башка колдонуучуларды кемсинткен билдирүүлөргө жол жок! Жеке билдирүүлөр купуяга!
09.06.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элди козутуп экиге болгон так ушу ММК лар.Кайдагы радикализм?Муну менен эмнени айткынар келди журналисттер.Эки адамдын кайым айтышуусу ал диний экстремизм дегендик эмес.Чымындан пил жасагандар кудайдан корккула.Мин жолу светтик олко болсон да калктын калын катмары ислам дининде.Андай каршы болсонор олгондо да исламга кайрылба.Кепинге оробо дагы,орттоп сал болду.Байыркы кыргыз ошенткен.Анте албайсынбы анда ойлонуп суйло.
09.06.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
KUMKA, курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынат! 3 күн БАН!
09.06.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SARMAT, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө жол жок! Эскертүү!
09.06.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мм... Хидаят деген эмне, кыргызча эле айтса болобу... Жанар түз айтканы үчүн жаман көрүнүп жатат, а буга чейин Чубак ажыга эч ким минтип каршы пикирин билдирип катуу айта албаса керек.
Чынында эле Чубак ажы катуу кетиптир.Мен Жанардын өткүрдүгүн, тайманбастыгын, чечкиндүүлүгүн бааладым.
09.06.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aidai5555,туура деп ойлойм ушул пикир кудай буйруса оомин ассалооому алейкум деген кыргыз создоруда араб тилине алмашып баратат моюнга алыш керекко дейм кыргыз болуп жаралгандан кийин баары кыргызча суйлошоорун каалайт элем
09.06.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коркконунар эле ыйманга келуу,ошо башка маселе жок.
09.06.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лөлү баатыр болсо - өз элин чабат болтат
09.06.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоо тен оз ишин жакшы билген адамдар экоотен эркек адам болгон сон бетме бет отуруп суйлошуп алышса жакшы болмок бири бирине кичине таарыныч бар болбосо мындай катуу суйлой турган адамдар эмес Жанарда дайыма ойун туз айткан адам бир оюу учун аны жаман коруп калуу болбойтко
09.06.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Janar Akaevdei ilimduu, bilimduu jashtar koboiso Kyrgyzstanubys sozsuz ongolot!!!
09.06.2016. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми криминалдар жанарга кантип жашашты уйротобуз дебесе эле боолду.
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: