super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Бычактан бир нече жерине жаракат алып ооруканада жаткан келин күйөөсүнө катуу жаза берилиши керектигин айтууда (нерви жукаларга көрүүгө сунушталбайт)

 

"2-июнда бычактан бир нече жерине жаракат алып ооруканада жаткан келин кооптонуп, күйөөсүнө катуу жаза берилиши керектигин айтууда", - деп кайрылды окурман 11-июнда SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу. "Учурда жаракат алган келин Ноокатта ооруканада жатат, абалы жакшы. Күйөөсүнө катуу жаза берилбесе, кийин тынчтык бербейт деп кооптонуп жатат. Колунда ымыркайы бар экен", - деди ал.

ИИМдин маалыматына ылайык, окуя 2-июнь күнү саат 20:50 чамасында Ноокат районунда болгон. Анда 1985-жылы туулган Х.У. аттуу жаран ажырашып кеткен келинчегинин үйүнө барып, ал жерде келинчегин жана кайненесин бычактап салганы кабарланган. Кайненеси алган жаракатынан улам ооруканадан каза болгон. Ал эми келин да бычактан бир нече жерине жаракат алган.

Кармалган жаранга кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(43)
11.06.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Алахым озун сакта адамзат ушунчалык таш боор болуп баратабызбы бул дуйнодогу негизги максатты унутпайлы
11.06.2016. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Кудай сактаптыр. Иттин баласын эми мамлекет багып берет экен да. Андан коро олум жазасын киргизсе.
Kimbar түзөттү 2016-06-11 18:00:41
11.06.2016. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kimbar,мамлекет эмес биз багабызгооо буларды мамлекет эмнеси менен бакмак.
11.06.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кайненесин олтуруп аткандан кийин албетте жазасы оор болот... соттор сатылып кетпесе эле...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: