super.kg logo

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү: "Кылмышкердин энесине "Баатыр эне" наамы берилбеш керек"

 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 21-июндагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоорун карады.

Талкуунун жүрүшүндө президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев алдарынын бири оор же өтө оор кылмыш жасаса, энесине "Баатыр эне" наамын берүү туура эмес" деген пикирин билдирди. "Эне 7-8 бала төрөптүр, макул, бирок балдарынын бири башка адамдын баласын өлтүргөнү өтө терс көрүнүш, этикага жатпайт. Ошондуктан кылмышкердин энесине "Баатыр эне" наамын бербөө позициясында турабыз", - деди Абдылдаев.

Айта кетсек, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоорунда "балдарынын бири оор жана өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон учурда энесин Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт" деген жобо белгиленет.

Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында аталган мыйзам долбоору каралып жатканда депутаттар "балдарынын бири оор кылмыш жасагандыгы үчүн энесине "Баатыр эне" наамын бербей коюу туура эмес" деген пикирди билдиришкен.

Депутат Таабалды Тиллаевдин айтымында, эч бир эне баласы кылмышкер болсун деп төрөбөйт. "7-8 баланы төрөп, багуу оңой эмес. Жашоодо ар кандай учур болот. Балдарынын бири кокустан кылмыш жасашы мүмкүн. Бул жерде кылмыш жасаган баланын энесинин күнөөсү жок", - деген Тиллаев.

Депутат Талант Мамытов "балдарынын бири өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон учурда энесин Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт" деген жобону көп балалуу энелердин укуктарын тебелөө деп баалады. "Биз көп баланы төрөгөнү үчүн "Баатыр эне" наамын берип жатабызбы же туура тарбиялаганы үчүнбү?" - деп таң калган Мамытов.

Депутат Курманкул Зулушев "Баатыр эне" наамын алган энелерге бөлүнчү акчалай сыйлыкты көтөрүүнү сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(15)
21.06.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир эне баласын кылмышкер болсун дер торобосо керек
21.06.2016. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Бул эмне деген соз баланын кылмышы учун эне жооп бермек беле.Же эмне кылмышкер болсун деп тороптурбу?Закон десе эле жон эле бирдемени чыгара беришеби?Биздин депутаттар айнып калган го дейм элди колдогон эмес кордогон закондорду чыгарып
21.06.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kubat_73, Козунду чоон ачып кара, бул жерде "президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү" деп турат.
21.06.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу Молдакун ака, эмне Баатыр Энелер кылмышкер болсун деп торойбу?????!!!!
21.06.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Энелердин мээриминдей мээрим болгондо Кыргызстан гулдоп оскон мамлекетке айланмак элек. Ар бир жазган мыйзам-закон добуштан отуп кетсе ошол депутка финансы каражаты болунот ошого ар нерсени жаза беришет уктап туруп эле.
21.06.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Свет, суу, газга толобон коррупцияга аралашкан депутаттарга Жогорку Кенештен мандат берилбесин. Ошондо кандай болоор экен.
BARCHA түзөттү 2016-06-21 14:53:13
21.06.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Баласы кылмыш кыла электе берсеңер болмок! Жэ ал маалда 7-8бала төрөй элек беле?
21.06.2016. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
торогондон сырткары татыктуу тарбия бериш керек, мээримдуу эненин баласы кылмышкер болбойт!
21.06.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ттт. балан кылмышкер болсо, анан жети баланы тородун деп "Баатыр эне" наамын берсе, эне байкуш деле уятынан жерге кирип кетсе керек, "кайсы арыма алып жатам, татыктуу тарбия бере албагандан кийин" деп
21.06.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биздин депуттардын баары кылмышкер да анда энелеринин укуктарын тебелейсинерби энеде эмне куно куно Депутат соорой балдарында болсо )))) девелечи
21.06.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bokochooo, так айтыптырсын, сага кошуламын
21.06.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
BarsBaatyr, этика нормаларын сактаңыз!
21.06.2016. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бала 18ге чыккандан кийин ата эне ага жоопкер эмес ал оз алдынча тутун болуп калат.эмне учун аны эске алышпайт.7ни тородубу бериш керек наамды
21.06.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ай айланайын депутат, ушундай кантип болсун, ар бир эне биз үчүн эне бойдон калат өмүр бою. Ал эне деле 9 ай омурткасы сыздап,кыйналып толготуп төрөдүда.Эмне баласы түрмөгө отуруп калса эле, эне болбой калмак беле.Орден бербеш керек деген сөз акылы кем адамдын сөзүндөй элес калтырдыго чиркин.
22.06.2016. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчалай сыйлыкты көтөрбөөнүн айласын издеп жатат го булар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: