super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ИЮНЬ: Болот Бейшеналиев тирүү болгондо бүгүн 79 жашка толмок

 

Легендарлуу актёр, КРнын Эл артисти Болот Бейшеналиев тирүү болгондо бүгүн, 25-июнда 79 жашка толмок. Ал 1937-жылы Чүй боорундагы Кемин районуна караштуу Чоң-Кеминдин Калмак-Ашуу айылында туулган. Ташкенттеги А.Островский атындагы Театралдык-көркөм институтун бүтүргөн. Эмгек жолу "Кыргызфильм" студиясында башталган. Эң алгачкы ролду "Тайгак кечүү" фильминде аткарган. Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. Өмүрүндө 103 кинофильмде роль аткарган.

Болот Бейшеналиев 2001-жылы 17-ноябрь күнү 64 жаш курагында кайтыш болгон. Бул күнү киноискусствонун 60 жылдыгы белгиленип жатканда капысынан жүрөк оорусу кармап калган.

25-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.06.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КЫЙЫН актер эле=(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: