super.kg logo
  Спорт  

Евро-2016: Португалия курамасы пенальтилер сериясында Польшаны утуп, жарым финалга чыкты (фоторепортаж)

 

1-июлга караган түнү Франциядагы Европа чемпиондугунун алгачкы чейрек финалы орун алды. Марсель шаарындагы "Велодром" стадионунда Польша жана Португалия курамалары кез келишти. Анда негизги убакыт жана кошумча 30 мүнөттүк убакытта 1:1 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Пенальтилер сериясында Португалия курамасы 5:3 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алды. Беттеште польшалык футболчулар биринчи болуп эсепти ачышты. 2-мүнөттө Роберт Левандовски айырмаланды. Эсеп 33-мүнөттө теңелди. 18 жаштагы Ренату Санчес алыстан топту дарбаза торуна жиберип, Европа биринчилигинде бул баскычта гол жараткан эң жаш футболчу катары рекорд койду.

Калган убакытта күйөрмандар гол көрө алышкан жок. 11 метр аралыктан сокку узатууда эки команданын тең өкүлдөрү жаңылган жок. Төртүнчү болуп сокку узаткан Якуб Блащиковски дарбазанын оң бурчун көздөй сокку узатканда дарбазачы Руй Патрисиу топту тосуп калды. Чечүүчү пенальтини Рикарду Куарежма ийгиликтүү голго айлантты. Эсеп - 5:3 жана Португалия жарым финалга чыкты.

Жарым финалда Португалия курамасы Уэльс-Бельгия курамаларынын жеңүүчүсү менен беттешет. Жарым финалдык беттеш 6-июлга белгиленген. Чейрек финалдагы оюндар:

30-июнь. Польша-Португалия - 1:1 (пенальтилер сериясында 5:3)

1-июль. Уэльс-Бельгия

2-июль. Германия-Италия

3-июль. Франция-Исландия






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(46)
01.07.2016. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Базар жок!!! Герания же Франция чемпион болот гоо!!!
01.07.2016. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
KaiMak,Италияны дагы эске алып кой! Ал дагы кучтуу команда
01.07.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ashygym,bir ele komanda chemion bolso kk je 3 komanda ten bolso bolo berebi.
01.07.2016. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
под тему суйлосом оюн абдан кызык болду. Порту контрольдон алып жатты. Ну норм полу финалга чейин келиш Портунун,эми отпойт го нарагына. Себеби Бельгия откозбойт. Уэльс тем более. А так роналдодо жылыш жок дагы деле ошо ошо боюнча. 40% Польша утат дегем... Жанагы ХХХ суарес деген трик жакшы ойнойткен ошол эле опасный калганы фуу го. Польша башында абдан суйундурду го адамды :)
Модератор admin_portal түзөттү 2016-07-04 13:50:21
01.07.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
KaiMak,Үч бурчтуу төрөт бурчтуу кылып жазып коюупсунго
01.07.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaiMak, Атына затын жарашкан каймак экенсин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: