СУПЕРСТАН: Айыл жериндеги жигиттерге турмушка чыгууну каалаган шаардык жана айылдык кыздардын пикирлери кандай?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар, чынын айткылачы, айылда турмуш курган жагабы же шаардабы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Мен өз айылымдан бир аз алысыраакта жашагым келет. Шаарда жашаганга көңүл жок, ал жерде ишиң жок болсо ачка каласың. Айыл жери жакшы. Үйдүн кенжеси болсо да калмакмын, бирок мурда "үйдүн кенже баласына тийбейм, айылда калгым келбейт" деп айтат элем. Азыр кенже бала болсо жакшы деп калдым".
"Бизде, тескерисинче, жолдошум шаарда эле калабыз дейт, мен шаарда тургум келбейт. Мен үчүн айыл эң сонун, эң жакшы".
"Кандай деп айтпайлы, буюрганы болот, бирок мага айыл жагат. Айылдык балдардан да мага күйөөгө тий деген сунуштар болгон. Үйдөгүлөр айылга жашай албайсың, ден соолугуң да чыдабайт деп айтып калышчу. Чын-чынына келсек, менин ден соолугум айылдын жашоосуна чыдабайт".
"Чын эле айылда ден соолук кетет экен. Мисалы, мен да шаарда чоңоюп, айылда жашагам. Ооруй берип тажагам. Башкалар жакшы эле жүрүшөт, мен эле ооруйм. Акырында бул атайылап кылып жатабы деп эч ким ишенбей калган. Ден соолугуңду жоготсоң, сен эч ким эмессиң. Негизи, шаардыктардын айылга көнүшү кыйын. Айылдагыларга билинбейт. Айылдыктар деле шаарга келгенде аябай кыйналат эмеспи. Шаардыктар шаарда, айылдыктар айылда болгону оң дейм. Ар ким өзүнүн көнгөн жеринде жашаганы туура".
"Мага айырмасы жок. Айылда жашасам деле шаарга барып-келип иштей бермекмин. Бирок талаа жумуштары бар жерге түшпөсөм дейт элем. Чындыгында, талаа иштерине жокмун".
"Мындан 5-6 жыл мурун айылда келиндер талаа жумуштарына көп аралашып турушчу. Бара-бара бул көрүнүш өөн учурап жатат. Талаадан бир да кыз-келин көрбөйсүң".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.
кошулду




ал эми шаарда эн жай интернет 6000кв/с...
Бирок айыл сонун абасы таза кой уйлардын морогону Эх айылга жетпейт бирок Шаар Техника жактан онуккон
кышында шаар жакшы
жайында айыл жакшы
азыр заман онуккон айылдагы уйдо шаардагыдай шарт тузуп алат ысык суу муздак суу, канализация дегендей
кыскасы адамдын озунон озуно шарт тузуп беруу
айылда кун сайын душка тушалбайсын
А бирок шаарда койнок шым мн таза тыкан журосун Эмнеси болсода Шаарг эмне жетсин!!!