super.kg logo
  Спорт  

Евро-2016: Бүгүн финалда Франция-Португалия курамалары беттешип, Европанын жаңы чемпионун аныкташат (анонс)

 

Бүгүн, 10-июлда Франциядагы Европа чемпиондугу аяктамакчы. Португалия-Франция беттешинде Европанын жаңы чемпиону аныкталат. Финал Париждин борборунан 9 чакырым алыстыкта жайгашкан Сен-Дени шаарында орун алат. Беттешке карата күйөрмандар кызуу даярдыкта, жакшы маанайда келишет. Алардын маанайынын ушундай абалда сакталып туруусуна Эйфель мунарасы салым кошуп турат, себеби 324 метр келген мунара эки мамлекеттин желектеринин түсүндө жарык берип турат.

Айта кетсек, тарыхта эки команданын ортосунда 24 беттеш орун алган. 18 ирет Франция курамасы жеңип чыкса, 5 беттеш Португалия курамасынын жеңиши менен аяктаган. Бир беттеште тең чыгуу катталган.

ПОРТУГАЛИЯ-ФРАНЦИЯ
Стадион:
Сен-Дени шаары. "Стад-де-Франс" стадиону
Калыс: Марк Клаттенбург (Англия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)

Эки команда бул мелдеште жалпы 6дан беттеш өткөрүштү. Франция курамасы тайпада 2 беттеште утуп, 1 беттеши тең чыгуу менен аяктаган. Ал эми Португалия курамасы тайпада 3 атаандашы менен тең жеңүүчүнү аныктай албай, тең эсепте ойногон. Финалчылардын мелдештеги оюндары жана жыйынтыктарына токтолобуз.

Тайпалык баскыч. 1-тур

Португалия-Исландия - 1:1

Франция-Румыния - 2:1

Тайпалык баскыч. 2-тур

Португалия-Австрия - 0:0

Франция-Албания - 2:0

Тайпалык баскыч. 3-тур

Венгрия-Португалия - 3:3

Швейцария-Франция - 0:0

Жарым чейрек финал:

Франция-Ирландия - 2:1

Хорватия-Португалия - 0:1

Чейрек финал:

Польша-Португалия - 1:1 (пенальтилер сериясы - 5:3)

Франция-Исландия - 5:2

Жарым финал:

Португалия-Уэльс - 2:0

Германия-Франция - 0:2

Финал:

Португалия-Франция

Бул жолу кайсы команданын күйөрмандары жер карашат, кайсы команданын фанаттары бактылуу болушарын убакыт көрсөтөт. Бирок 90 мүнөт ичинде фанаттар командаларын колдоосуз калтырышпайт. 81 миң күйөрманды батыра алган "Стад-де-Франс" стадиону шаңга бөлөнмөкчү.

Коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 3400 полиция кызматкери тартылды. Алар стадиондун ичинде, тышында жана коомдук транспорттордо баш аламандыктын алдын алуу аракетин көрүшөт.

Криштиану Роналду - Антуан Гризманн

Антуан Гризманн - 6 гол

Криштиану Роналду - 3 гол

Команда лидерлери катары дал ушул оюнчулар саналууда. Мындай салыштырууга оюнчулардын эсептериндеги голдор гана себеп болууда. Негизи, эки оюнчунун лидерлик сапаттарында айырма өтө чоң. Криштиану командасын шыктандырып, оюн жана машыгуу учурунда башкаларга үлгү болуп келет. Анын Польшага каршы беттеште пенальтилер сериясында кайсы оюнчулар пенальти теберин чечип койгону (адатта машыктыруучу өзү чечет) анык лидер экенинен кабар берет. Команданын ойноо стили - жапа тырмак коргонуу, жапа тырмак чабуул. Андыктан Роналду коргонууга чейин келип, атаандаштын чабуулун токтотууда да өзүн мыкты көрсөтүүдө.

Ал эми 25 жаштагы Антуан Гризманн тууралуу жаман айта албайбыз. Таланттуу, мыкты оюнчулардын катарын толуктайт, бирок ал лидер катары өзүн Криштиану Роналдудай көрсөтө элек. Ал командада бул ролду Пайет, Погба сыяктуу футболчулар менен бөлүшүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(46)
10.07.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
чемпиондор лигасынын финалында реал атлетико ойногондо калыс марк клаттенбург болду эле анда роналду гризманнды уткан и бугун да клаттенбург калыс болот экен бугун да роналду гризманнды утат пепе да бар алга португалия алга реал буюрса женебиз
10.07.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Португалия алга
10.07.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ФРАНЦИЯ ЧЕМПИОН!Анан мени айтты дейсинер!
10.07.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай буюрса португалия чемпион
10.07.2016. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Франция кучттуу, бирок Португалияда кем эмес оюн корсотуудо ушул сезондо. Мен Португалия учун.
10.07.2016. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Финал өтө кызык болотко дейм
10.07.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Португалияны 0 го калтырат Франция
10.07.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Франция чемпион болот,2000жылдагыдай,ошондо да оз уйундо чемпион болгон,алга Франция!!!
10.07.2016. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Порту женет буйруса
10.07.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Топ тоголок дейт эмесби.Бул удачага карайт.Франция кучтуроок Португалиядан бирок удача келбесе кыйында.Португалияга ишенем женет буйурса.
10.07.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Португалия женет буйруса
10.07.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Португалия алга
10.07.2016. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтаберипсинер Кыргызстан женет баарыны.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: