Теолог Кадыр Маликов кыргыз элин провокацияга алдырбоого чакырды





Бүгүн, 13-июлда теолог Кадыр Маликов Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөрдө илинип турган чоң баннерлерге карата өз пикирин билдирип, Facebook социалдык тармагындагы өздүк баракчасы аркылуу кыргыз элин провокацияга алдырбоого чакырды. Кадыр Маликовдун текстин өзгөртүүсүз беребиз.
"Урматтуу бир туугандар, провокацияга алдырбаңыздар! Бүгүн Бишкек шаарынын бир топ жерлеринде чоң баннерлер илинди (мүмкүн, жергиликтүү бийликтин уруксаты менен). Анда кыргыздын улуттук кийими жана паранжа жамынган аялдардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Баннердин ылдыйында "Кайран эл, кайда баратабыз?!" деген жазуу жазылган.
Суроонун мындай берилиши провокацияга окшош жана коомдун бирдиктүүлүгүнө абдан терс таасирин тийгизет. Коркунучтуу көрүнүш - атайын буйрук менен коомду бөлүп-жаруу.
Укук коргоо органдарынан (айрыкча УКМКдан) аталган баннерлерге жана аларга буйрутма берген адамдарга көңүл бурууңуздарды суранам! Кылмыш кодексинин 299-беренесине ылайык, мындай аракеттер бир өлкөдө жашап жаткан элдерди бөтөн жана өзүбүздүкүлөр деп бөлүү менен каршылашууга алып барат. Бул абдан коркунучтуу ой. Ислам дининин өзгөчөлүгүн билбөө, диний белгилерге, ишенгендердин сезимине карата агрессивдүү мамиле жасоо, дүйнөдөгү окуяларды, аймактарда өсүп жаткан радикализмди эске алсак, жаман жыйынтыктарга алып келүүсү мүмкүн. Социалдык тармактарда кайрадан диний негизде жек көрүү, мазактоо, коркутуулар көбөйүүдө. Бардык жарандар коомдо тынчтык жана стабилдүүлүк болушун жана мыйзам түрүндө баары текшерилип, тиешелүү адамдар жоопко тартылышын каалашат. Бул нерсе Германиянын канцлери Ангела Меркелдин келер алдынан болуп жатабы?
Урматтуу бир туугандар, маанилүү бир учурду айта кетейин. Сүрөттөгү эжелер (жүзүн ак жоолук менен жаап алгандар) Ош шаарындагы куран окугандарды сыйлоо аземи учурунда тартылган. Анда биринчи катардагы хафиз аялдар (куранды жатка билгендер) жүзүн ак жука жоолук менен жаап алышкан. Куранды жатка билген, куранды алып жүрүүчүлөр массалык иш-чаралар учурунда эркектердин көзүнчө жүзүн жаап жүрүүсү милдеттендирилет. Бул адамдын оюнун тазалыгы жана ашыкча көз караштардан сактануу максатында. Кадимки жашоодо куранды жатка билген аялдар жүздөрүн жаап жүрүшпөйт, бир гана массалык иш-чараларда. Кыргыз жеринде баары ханафит мазхабын кармагандыктан, мен эч бир аялзатынын паранжа кийип жүргөнүн көргөн эмесмин. Провокация жараткан мындай чоң акцияга, материалдык чоң чыгымдарга караганда, буйрутма берген адам жөнөкөй жаран эмес.
Менде суроо жаралды. Эмне үчүн мындай чоң суммадагы акча каражаттары социалдык жана тарбиялык мааниси бар кайрымдуулукка, боорукердикке үндөгөн баннерлерге коротулбайт? Бизде канчалаган жетим балдар, карылар үйүнө ташталган карылар, бактысыз, кароого муктаждар бар? Кайран эл, кайда баратабыз?.." деген ой менен жыйынтыкталат.


Улуттук идеалогия улуттук коонорбос салт санаа урп адат деген создор бизге жат болуп баратат.
Анан кой десе болбой Нооруз майрамга,Манас эпосубузга жана каада салттарыбызга асылышып,баарын жокко чыгарып ,танып баштаганыбыздын кесепети болду!
Сенин апан же карындашын денесин сатабы???меники сатбайт!
Андыктан баардык аялзатына коо жаппа,бирин экин сасыткылар болот экен эми.
Кочодо жыланач ким журот экен?баары кийимчен эле кудайга шугур!
(Кааласанар да,каалабасанар да кыргыз улуту арабташып кетпоо учун бардык чаралар корулот,бул мезгил талабы,буга убакыт келип жетти)
Чыксан эшике,баары кийимчен журушот,90% жыланач дегенин чындыка коошпой калпы ашып кетти.
Ал эми Нооруз болсо мен эчнерсе чаптаган жокмун,ал майрам бугун же кече келген жок,илгертен бери кыргыз менен жуурулушуп олбой очпой келаткан майрам!!!
Союз убагында деле апаларыбыз узун эле кийинип башы
Деп айткандар кобойду шаракташып.
А оздору орусташып бара-бара.
Жургон менен иши жок арак сасып.!
Жоолук салса кайрадан жакшы эмеспи.
Коргондорго калтырып жакшы элести.
Кыргыздарга денесин ачык койбой.
Кымтыланып кийинуу башкы эмеспи?
Акыретти, чындыкты короор куну.
Жараткан деп тынч журбой жоолукчанга.
Кээлер мынча сын тагып оропкуду?
Баш тартканды арамдан арактардан.
Болмок эле уйронсок араптардан.
Ойлонгула бут салттар бузукулук.
Арап эмес келип жатат каяктардан.