super.kg logo

Бишкекте коомдук унааны күтүп тургандар үчүн аялдамага Wi-Fi орнотулду

 

Бүгүн, 18-июлда Абдрахманов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамага Wi-Fi орнотулду. "Акылдуу аялдамалар" долбоорунун алкагында интернет шаар тургундарына жеткиликтүү болуш үчүн орнотулган. "Акылдуу аялдамалар" долбоорунун максаты - коомдо маданиятты өнүктүрүү, жүргүнчүлөрдүн коомдук унааларга түшүп-чыгуусун бир гана аялдамаларда тейлөөнү көнүмүш адатка айлантуу. Интернет менен камсыз кылуу жабдуусу бир убакытта 100дөй колдонуучуну тейлей алат. Бул тууралуу аталган долбоордун автору Курманбек Жаанбаев билдирди.

"Аталган долбоорго Бишкек шаарынын жетекчилиги кызыкдар болсо, долбоор мындан ары жайылышы мүмкүн. Биздин демилгелүү топ кызыкдар жактар менен "Акылдуу аялдамалар" жана "Коопсуз шаар" долбоорун талкуулоого даяр", - дейт Курманбек Жаанбаев.

Долбоордун уюштуруучулары Кирилл Алякин, Курманбек Жаанбаев

Ал эми долбоордун дагы бир уюштуруучусу Кирилл Алякин буларга токтолду:

"Дүйнөдөгү Нью-Йорк, Дубай, Москва сыяктуу көп шаарлардын көчөлөрүндө бекер Wi-Fi кызматы орнотулган. Эмне үчүн Бишкек шаарында да орнотууга болбосун деп ойлодук. Жыйынтыгында бүгүн өзүңүздөр көргөндөй, Абдрахманов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишине Wi-Fi кызматы орнотулду. Бул биринчи жай. Жакынкы убакта дагы башка аялдамаларга орнотууну пландап жатабыз".

Жигиттердин мындай демилгесин колдоп келгендердин катарында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да болду. "Азыр интернетте өздөрү эч нерсе жасабай, көрүнгөндү талкуулап, сын айткандар бар. Ал эми Кирилл, Курманбек сыяктуу көптөгөн активист жигиттер мамлекетке кантип пайда келтирүү тууралуу ойлонушат. Мына бүгүн ушундай активист жигиттердин демилгеси менен Wi-Fi орнотулду. Бул башаты гана. Эми келечекте алар акырындап аялдамаларга камераларды, электрондук такталарды, пайдалуу китептердин, сайттардын тизмесин илүүнү пландап жатышат. "Акылдуу аялдамаларды" көбөйтүү шарт. Мындай нерсе, албетте, кылмыштуулуктун алдын алат. Коомго пайда келтирет. Биз мындай балдарды колдоп, үлгү катары көрсөтүшүбүз керек. Андыктан бүгүн жигиттерди колдоо максатында келдим", - деп билдирди Жанар Акаев "Акылдуу аялдамалар" долбоору тууралуу.

Wi-Fi`дын аталышы - Smart_Bus_Stop.

Андан соң "greenlight" деген жазуу чыгат. "Туташтыруу" дегенди басуу керек.

Кызматты пайдалана баштаган интернет колдонуучулар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(37)
18.07.2016. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Билбейм Жол боюга койбой эле койбоптур баары телефонду тиктеп балдарын дагы карабай бир нерсе болушпаса эле болгону
Машуртка автобустардын ичинде болсо болмок менин оюмча
Tansuluu09 түзөттү 2016-07-18 19:23:52
18.07.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жакшы болуптур
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: