super.kg logo

Бишкекте жаш жубайлар үйлөнүү тойго сарпталчу каражатка 25 окуучуну мектепке даярдашты (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 29-июлда Бишкекте активист Азат Амановдун үлпөт тою өтүп жатат. Ал ири каражат жумшап, тойду өзгөчө өткөрүү идеясынан баш тарткан. Мунун ордуна ал жеткинчек балдарга мектепке кийим, окуу куралдарын сатып берүүнү чечкен.

"Башка жаш жубайларды жана ата-энелерди кайрымдуу болууга чакырам. 25 балага жардам берилди. Жалпы 50 миң сом чыгым кылдык. Атайын жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын тандап алдык", - дейт ал.

Мындай идеяны достор чогулуп, демилгелеп чыгышкан. Максаты - ыксыз чыгымдарды азайтуу жана жоюу. "Элге үлгү бололу деген ойду кармандык. Жакында интернетке үлпөт тойдо унааларга эле 80 миң сом сарптаган жаштардын видеосу жарыяланды. Биз буга каршы чыктык", - дейт Азаттын досу Ырыскелди Талайбек уулу.

Ал эми Аламүдүн районунун тургуну, 7 баланын энеси Гүлзарифа Ибраимова буларга токтолду: "7 балам бар. Балдарыма мектепке кийим, окуу куралынан жардам берип, 1 баламды толук камсыздап беришти".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(33)
29.07.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
оо Азаматсынар алла раазы болсун эки дуйноо бактылуу болгула
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: