super.kg logo

Ош шаарында саркынды сууларды тазалоо бекети ишке кирди

 
29-июлда “Ош шаардык суу-канал” муниципалдык ишканасынын саркынды сууларды тазалоочу бекетинин ачылуу аземи болду. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Швейцария өкмөтүнүн Экономика боюнча мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Франсуа Саламе, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия аймактары боюнча башчысы Нейл Макейн, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Мэриядан кабарлашкандай, саркынды сууларды тазалоочу бекеттин долбоору 2011-жылы башталган. Каржы жактан колдоо Швейцария өкмөтү тарабынан 4,3 миллион доллар кайтарымсыз грант түрүндө жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 3 миллион доллар насыя түрүндө бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн каражаттарга 5,7 чакырым болгон таза суу системи жаңыланып, насостук бекеттердин жабдуулары толугу менен заманбап жабдууларга алмаштырылып, 7,7 чакырым болгон жаңы канализация системи курулуп, Туран аймактык кеңешине 3360 дистанциондук суу эсептегичтер орнотулуп, ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу бекетти реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров бекет 40 жылдан ашуун убакыттан бери каралбай калганын айтып, саркынды суу тазалоочу бекетти калыбына келтирүүдө чет элдик уюмдардын жана өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, I кезектеги кубаттуулугу күнүнө 20 миң чарчы метр саркынды сууларды тазалоочу бекет 1965-жылы курулган, II кезеги 1977-жылы курулуп, ошол мезгилден бери бир дагы капиталдык оңдоо, жабдууларды алмаштыруу, имараттарды түзөтүү иштери жүргүзүлбөгөндүгүнүн натыйжасында бекеттин моралдык жана физикалык жактан эскилиги жетип, саркынды сууларды тазалоо иштери адам күчү менен гана жүргүзүлүп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: