Азамат Жаналиев Рамзан Кадыровдун атасынын сүрөтүн мык жана жип колдонуп тактай бетине түшүрдү

Чечен Республикасынын биринчи Президенти Ахмад Кадыровдун сүрөтүн жип жана мык менен тактай бетине түшүргөн сүрөтчү Азамат Жаналиев жакын арада Чеченстанга жөнөө алдында турат. Бул тууралуу сүрөтчү SUPER.KG порталына билдирди.
Сүрөтчүнүн айтымында, Ахмад Кадыровдун элеси түшүрүлгөн сүрөт бир жума аралыгында жасалып бүткөн. Эми эмгекти Ахмад Кадыровдун уулу, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровго белек кыларын айткан. Сүрөтчү буга чейинки эмгектеринде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана президент Атамбаевдин сүрөттөрүн жип жана мык менен тартып коомчулукка жарыялаган.
"Ахмад Кадыровдун туулган күнүнө карата атайын анын элесин чагылдырган сүрөт тарттым. Эми 2-августта велосипед менен Грозный шаарына жолго чыгып жатам. Буюрса, Чечен Республикасына 20 күндө барып калсам, президент Рамзан Кадыровго портретти тапшырам", - деп билдирди Жаналиев. А.Кадыров тирүү болгондо 23-августта 65 жашка толмок.
Сүрөтчү Бишкек шаарынан чыгып Казакстан, Орусия, Азербайжан жана Грузия аркылуу Чечен Республикасына кирип барууну пландап жатканын кабарлады.










1 | 2 |