super.kg logo

Өлкөдө алгачкы жолу Ош шаарында актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулат

 

Өлкөдө алгачкы жолу Ош шаарында актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта SUPER.KG порталына эстеликтин архитектору Төрөбай Дилибаев билдирди.

Учурда Чокморовдун эстелигин орнотуу аракеттери көрүлүүдө. Ош шаардык мэриясы шаардагы "Жеңиш" багынан жер бөлүп берген.

"Эстеликтин эскизин даярдадык. Азыркы убакта даярдыктар көрүлүп жатат. Негизинен эстеликтин бийиктиги 10 метрди түзөт. Чокморовдун ат минип турган элеси түшүрүлөт. "Жеңиш" багына окуу учурунда 40 миңге жакын студент келип эс алат. Эстеликти тургузуу менен миңдеген жаштарга тарбиялык таасир беребиз", - дейт Дилибаев.

Маалым болгондой, эстеликти ачуу аземи 4-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата белгиленет. Эстеликтин айланасына гүл отургузулат. Чокморовдун эстелиги буга чейин өлкөнүн эч бир аймагына орнотулган эмес.

Сүймөнкул Чокморов талантынын көп кырдуулугу менен көпчүлүккө кеңири таанылып, кыргыз көркөм өнөрүнүн казынасына өзүнүн бай үлүшүн кошкон. Ал 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш айылында туулган. Чокморов "Кыргыз ССРинин Эл артисти", "СССРдин Эл артисти", "Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү" наамдарын алган. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Мындан сырткары Чокморов "Караш-караш", "Көк жал", "Кызыл алма", "Жетинчи ок" тасмаларына катышкан. Ал 1992-жылы көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.08.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"...Чокморов "Караш-караш", "Көк жал", "Кызыл алма", "Жетинчи ок" тасмаларына катышкан".

Тасмага катышпайт, тасмага тартылат, жыйынга, иш-чарага катышат.
12.08.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kop kyrduu talant, men jakshy korgon akter. Kyrgyzdyn jyzy Syimonkul
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: