super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: Балбан Арсен Эралиев өзбек балбанына жеңилип, коло медалдан куру калды

 

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча 59 килограмм салмакта килемге чыккан Арсен Эралиев коло медалга 1 кадам жетпей калды. Ал коло үчүн болгон беттеште өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадовго утулуп калды (13: 8 эсебинде).

Алгачкы баскычта өзбек спортчусу 5 упайга ээ болду. Экинчи баскычта А.Эралиев ыкма колдонуп, 6 упайга ээ болду жана эсеп катыштыгында алдыга чыккан. Бирок ийгилик ташы атаандаш тарапка ооп, ал упайларынын санын арттырды. Калыстын ишмердүүлүгүнө нааразы болгон машыктыруучуларыбыз акыркы эпизодду кайра карап чыгууну суранышты. Эгерде калыстар баары жайында деп чечишсе, орунсуз нааразычылык үчүн өзбек балбанына дагы упай берилмек. Калыстар чечим чыгарып, 1 упай менен катар өзбек балбанына психологиялык артыкчылык берип коюшту. Жыйынтыгында 13:8 упай катыштыгы катталып, коло медаль коңшуларга кетти.

Кошумчалай кетсек, спортчубуз алгачкы беттешинде учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулуп калган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн кармаш өткөрүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта алгач спортчубуз кытайлык балбан Ванг Люмин менен беттешти. Анда 4:2 эсеби катталып, Эралиев жеңишке жетишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(42)
15.08.2016. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаман эле болду.эми Айсулууну күдай сактаса экен.
15.08.2016. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окунучту ( тусуну карагыла тузук эле аракет кылыптыр эми башка Айла жок калган катышуучулар кооп ийгилик калайбыз
Tansuluu09 түзөттү 2016-08-15 02:31:16
15.08.2016. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
куру калды деп куйуп аткан ичти эки эселентпей кичине женилип эле калды деп жазып койсонор болмок(((((( калыссыздык болуп калды окшойт......((((
15.08.2016. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Умут эми Айсулуу, Мусаев Могомед, Жанарбек Кенжээвде
15.08.2016. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shat.88,menda uxu vq balbanga umut artyp olturam
15.08.2016. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озумо дале келе албай жатам.Озбектин женгени жаман болду ссудья ит экен.
argen.kg4 түзөттү 2016-08-15 02:28:27
15.08.2016. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
argen.kg4,
оа калыссыздык болуп калд(((((((
15.08.2016. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Afina,Оа айта корбонуз калыс, калыстык кылбады.Эми уйку да келбейт настр олду эхххх!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: