super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: Иззат Артыковдун жыйынтыгы жокко чыгарылды, демек, коло медаль колумбиялык спортчуга тапшырылат

 
Эл аралык спорт арбитраждык сотунун чечими.

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасындагы алгачкы допинг чыры кыргыз спортчусу Иззат Артыковдун ысымына байланыштуу болду. Коло медаль тагынган спортчубуздун көрсөткөн жыйынтыгы жокко чыгарылып, ал коло медалынан ажыратылды.

Эл аралык спорт арбитраждык сотунун 18-августтагы чечимине ылайык, спортчунун заарасынан адамдын нерв системин дүүлүктүрө турган стрихнин заты табылган. Стрихнин заты терапиялык дозада колдонгондо сезүү органдарын күчтөп, борбордук нерв системин дүүлүктүрүп, рефлектордук реакциясын (көрүү, угуу, даам, жыт сезүүнү) жогорулатат. Стрихнин жалпы зат алмашуу процесси төмөндөгөн учурда, бат чарчоодо, гипотониялык ооруларда, организмдин уулануусунан же инфекциянын айынан жүрөктүн иштеши начарлаганда сергитүүчү каражат катары да колдонулат.

Эми жобо боюнча коло медаль 4-орунду ээлеген спортчуга тапшырылмакчы. 69 килограмм салмакта 4-орунду колумбиялык спортчу Луис Хавьер Москера Лозана ээлеген.

Эскерте кетсек, 10-августка караган түнү "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында оор атлетика боюнча 69 килограмм салмакта жеңүүчүлөр аныкталып, жыйынтыгында Иззат Артыков 21 спортчунун ичинен 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(42)
19.08.2016. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Олду уят эле болдукко Кыргызстан (((((((( чын эле ушунан кору 4 места алса болмок экен ((((( неге
19.08.2016. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ва ха ха ха не деген шумдуууууууук....
19.08.2016. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мен эми олипиядага кызыкпайм. Көрбөйм дагы.
19.08.2016. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ошондо эч бир орунсуз калдыбы
19.08.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Кыйратыпсынар,ушундан коро барбай эле койсонор болмок.
19.08.2016. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кыңыр иш кырк жылда билинет дечү эле, азыр кырк саатта эле билинет.
19.08.2016. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул менен жашобуз бутуп калган жокко Иззат эмки олимпиадада Кудай буюруса алтын алат деп ишенип туралы
19.08.2016. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Иззатты эми турнирлерге катыштырса экен эми
19.08.2016. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер инфо Иззаттан интервью алыныздарчы сураныч
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: