super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: "17 жылдык эмгегим текке кеткендей болду, кыргыз элимден кечирим сурайм" дейт Арсен Эралиев (интервью)

 

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча 59 килограмм салмакта килемге чыккан Арсен Эралиев коло медалга бир кадам жетпей калган. Балбан Олимпиада оюндары тууралуу өз пикирин SUPER.KG порталына билдирди.

- Арсен мырза, Олимпиададагы жыйынтыктар боюнча кандай ойдосуз? Алгачкы беттеште учурдагы Дүйнө чемпиону менен кармашууга туура келип калбадыбы...

- Олимпиада оюндарында оңой атаандаш болбойт, бирок кайсы мелдеш болбосун, алгачкы беттеш кыйын болот. Килемге учурдагы Дүйнө чемпиону менен түшсөм да аракет кылдым. Ошол эле балбан менен кийинки раунддарда жолукканда баары башкача болот эле...

- Кийинки беттеште Кытайдын балбаны Ванг Люминди оңой эле уттуңуз. Негизги сыноо 3-орун үчүн болгон беттеш болду окшойт...

- Ооба, коло медаль үчүн беттеш өзбек балбаны Эльмурат Тасмурадов менен болду. Бул беттеш боюнча ким кандай пикирде экенин билбейм, бирок мен калыстарды күнөөлөй албайм. Жоопкерчиликти өзүмө алам.

- Кандай жыйынтык чыгардыңыз?

- Мен 17 жыл бою спорт менен машыгып, дал ушул Олимпиада оюндарында медаль тагынууну максат кылгам. Ушунча жылдык эмгегим күйүп кетти десем болот. Эл ишенимин актай албаганыма ичим ачышып жаткан чагы. Акыркы күндөрү бөлмөдөн чыкпай жаттым. Даярдык жөнүндө эч жаман сөз айта албайм. Үй бетин көрбөй, көп убакыт сарптап, жакшы шарттарда машыктык. Мен утулганым боюнча жоопкерчиликти өз моюнума алам. Ушул себептүү элимден кечирим сурайм! Мени колдогон элимдин колдоосун сезип жаттым. Мага ишенгендер көп экенин билем. Эми мекенге кайтууга уятым чыдабай жатат.

- Ийгилик коштобогонун эмне менен байланыштырасыз?

- Ушуну менен экинчи ирет Олимпиада оюндарында байге ала албай жатам. Бул тагдыр го дейм.

- Эми карьераңызды улантуу же токтотуу боюнча кандай чечим кабыл алдыңыз?

- "Токио-2020" Олимпиадасына барарымды же барбасымды чече элекмин. Мекениме келип, дарыланып, анан спорттук карьерам тууралуу олуттуу чечим кабыл алам. Дагы бир жолу кыргыз элимден кечирим сурайм! Мага артылган үмүттү актай алган жокмун...

Кошумчалай кетсек, балбаныбыз алгачкы беттешинде учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулуп калган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн кармаш өткөрүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта алгач спортчубуз кытайлык балбан Ванг Люминди ишенимдүү жеңип алган (4:2 эсеби катталды). Ал эми коло медаль үчүн кармашта ага өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадов каршы турган. Бул беттеште калыс тарабынан бир катар катачылыктарга орун берилип, жыйынтыгында 13:8 эсебинде өзбекстандык балбан жеңишке жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(45)
19.08.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азамат!!! токиодо алтын алат!!!
19.08.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эх биз да окунуп жатабыз
19.08.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Арсен чынында калыстардын калыстыгы болгон жок биз коруп турдук! Бирок эркек экенсин куноо менде деп кечирим сураганын бул озу чон молодестик! Бирок эл билет сен кандай экенинди ты просто малоч!
19.08.2016. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Арсен Токио 2020 катыш. Буйруса сен утасын!
19.08.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
sagida06,
Кой дагы уят болобуз
19.08.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Окуп ыйлагым келди. До слез дейт беле... 17 жылдык өмүрүм күйүп кетти дейт го.. Ошентсе да азамат.
19.08.2016. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
эркексин
19.08.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Арсен байке сиз аман журт аман баш аман болсо али алтын аласыз
19.08.2016. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Олимп оюндарына катышкан 16 спортсменибиздин ичинен Арсендин женилгенина аябай жаман болдум, бирок ыраазы болдум Арсен жогорку денгээлде курош жургузда, Алга Арсен
19.08.2016. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арсен татыктуу күрөштү калыстар калыстан тайбаганда утмаксың.
19.08.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-27
сен байкеге жетпейт экенсин .. башкаларга оорун бер .. 2 жолу барыпта утпасан .. жакшы тамаша кылып келгенин калат экен
19.08.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-32
Кыйраттын эми эс ал барбай эле кой
19.08.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ портал емне учун УЕФА супер кубогуну ,Испания суперкубогуну Ким утканын айтпай жатасынар.Европанын 3 мыкты оюнчусу чыктыго сураныч ошону айтып койгулачы
19.08.2016. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биз учун жендин.спортту таштаба дагы аракет кылып кор.
19.08.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Арсен сыйга татыктуу экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: