super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: Балбаныбыз Айаал Лазарев алгачкы беттешинде утулуп, медаль үчүн кармаштан четтеп калды

 

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында бүгүн, 20-августта эркин күрөш боюнча 86 жана 125 килограмм салмактык бөлүктөрдө медаль ойнотулууда. 125 килограмм салмакта килемге чыккан балбаныбыз Айаал Лазарев алгачкы беттешинде утулуп калды.

Ал мелдештин жарым чейрек финалдык баскычында польшалык спортчу Роберт Баран менен кез келди. 3 мүнөттөн турган алгачкы бөлүктө балбаныбыз 1 упай алып, эсеп катыштыгында алдыда болду. Экинчи бөлүктө Айаал Лазаревге эскертүү берилип, калыс 30 секунда аралыгында упай алууну буйруду. Бул аралыкта спортчубуз упай ала албагандыктан, 1 упай атаандашына ыйгарылды. Андан соң Баран чабуулга өтүп, мекендешибиз аны оодарып кетүү аракетин көрдү. Бул аракетинен майнап чыкпай, ыңгайлуу мүмкүнчүлүктү ийгиликтүү ишке ашырган атаандашы 4 упай алды. Жыйынтыгында 5:1 эсебинде уткан Роберт Баран чейрек финалга чыкты.

Р.Баран финалга чыкса, А.Лазарев коло медаль үчүн кармашты улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Бирок польшалык спортчу чейрек финалда америкалык балбан Тервел Длагневге утулду. Жыйынтыгында балбаныбыз мелдештен четтеп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(59)
20.08.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Багы жокко дагы жок болдук дегилечи
20.08.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билгем да мен ушундай болоорун. Бирок Роберт Баран финалга чыгып кетиши мумкун. Ийгилик биздин чемпион балбандарга)))
20.08.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
макул эми не дейбиз эми пешене экенда (((((
20.08.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Неге барди риого эми токиого да барбаш керек
20.08.2016. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да билгем утуларын
20.08.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Польшалык Барандын финалга чыгышы күмөн...
Abdyrashit.Satylganov түзөттү 2016-08-20 20:46:32
20.08.2016. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Abdyrashit.Satylganov,Баран финалга чыкса деле Айаал полюбому утулат
20.08.2016. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстан накти кучактадык го чиркин
20.08.2016. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Э бизде ават машыктыруучу жок бп атса кайдагы чемпион?! Менин да уулуму спортсмен кылгым келет келечекте.
Keremet008 түзөттү 2016-08-20 20:52:23
20.08.2016. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
конулум калды женседа кайра алып койот турбайбы
20.08.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бул бала эс алганы барган экен эч бир аракети жок . Арсен менен Айсулуу жеңе албады калганы жөн эле да.
20.08.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tulpar90,Риону коруп келейин деп барса керек
20.08.2016. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эми коло болсо да мейли эле,насип кыларбекен!
20.08.2016. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zair_aya,коло да ысык келет бизге
20.08.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Допинг колдонбоптурда
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: